Өзгөн шаарында кайрадан ири өрт кырсыгы катталды, бактыга жараша каза болгондор жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-август күнү саат 21:45 чамасында аталган шаардын Рахимов көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыгып, дүкөндүн жана 2 турак үйдүн чатыры толук күйгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген чыгымы такталууда.
"Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин Өзгөн шаарындагы №53 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, ӨКМнин Куршаб айыл аймагындагы №103 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 23:10до өрт чектөөгө алынып, 4 август күнү саат 00:04тө толугу менен өчүрүлгөн»,- деп айтылат билдирүүдө.