Азиялык миллиардерлердин саны көбөйдү

28-Окт. 2017, Ишемби, 16:29

Өткөн жылы байлыгы азайган дүйнөдөгү эң бай адамдар бул жылы Азиянын лидерлигинде 17 пайыз өзгөрүү кылып, 6 триллион долларлык байлыкка жетишти.

PwC жана UBS компаниялары жарыялаган билдирүүдө көңүл бурарлык айырма байкалган. Анда Кытайдагы өсүшкө байланыштуу азиялык миллиардерлердин саны биринчи жолу тарыхта АКШдан ашып өттү. Рапортко караганда миллиардерлер клубуна катышкан ар бир төрт кишинин үчөө Кытай же Индиядан чыккан.

АКШ жаңы 25 миллиардер кошту

АКШ жалпысынан 563 миллиардерге дагы 25 жаңы миллиардер, ал эми Азияда 637 миллиардерге 117си дагы кошулду.

Кытай жогоруласа, Европа токтогонсуду

“Swiss Bank” тарабынан 1.550 миллиардер боюнча маалыматтар анализделген. Анда Азиядагы миллиардерлердин жетишкендиктери ушул мезгилдегидей болсо, 4 жыл ичинде АКШнын ар тарабынан басып өтөрү баса белгиленген.

Кытайда кыймылсыз мүлктүн бааларындагы жогорулоо, орто катмардын өсүүсү, геосаясий туруктуулук жыргалчылыкты көбөйткөн элементтерден. Ал эми UBS компаниясы Европага баа берүүсүндө ЕБДин катаал түзүлүш жана аймактагы эскичил иш маданияты ишкерлерге тоскоолдук жаратканын белгилеген. Ошондой эле Европада миллиардерлердин саны өзгөрбөй 342 бойдон калганын жазган.

Искусство жана спортко көңүл бөлүшөт

Социалдык жоопкерчилик боюнча долбоорлор жана кайрымдуулук иштери менен алдыга чыгууга аракет кылган миллиардерлердин клубу көркөм өнөр жана спортту тандаган.

2016-жылы дүйнөдөгү эң ири 200 көркөм өнөр коллекционерлеринин төрттөн үчү миллиардерлерден болгон. 1995-жылы бул көрсөткүч 28 гана болчу.

Мисалы япон миллиардери Юсаку Маесава белгилүү сүрөтчү Жан-Мишель Баскиянын эмгегине 110.5 миллион доллар төлөгөн.

Спорт дүйнөсүндө 140 ири спорт клубунун 109унун ээси миллиардерлер экени белгилүү. Иликтөөлөргө караганда клуб ээлеринин орточо байлыгы 5 миллиард доллар.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!