Балдарга аяр мамиле жасаган бөлмөлөр ачылды

7-Дек. 2017, Бейшемби, 15:44

Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүндө жана сотунда балдарга аяр мамиле кылуу боюнча атайын бөлмөлөр ачылды. Бул бөлмөлөр 2014-2018-жылдарга балдар үчүн Юстиция боюнча мамлекеттик программанын алкагында даярдалды. Программа мыйзам менен тил табыша албай жаткан, кылмыштын курмандыгы жана күбөсү болгон балдарга аяр мамиле кылуунун жол-жоболорун иштеп чыгууну көздөйт.

Балдарга арналган бөлмөнүн ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары катышты.

Ысык-Көлдө балдардын укугу корголбой жатабы?

Ысык-Көл облусттук адвокатурасынын төрагасынын орун басары Светлана Абдылдаева көл аймагында балдардын укугун корголбой жатканын, тергөө иштери балдардын жакындары жок өтүп жатканын белгиледи.

- Ысык-Көл облусунда балдардын укугунун корголушу боюнча жаман деп айта албайм. Бирок, мүчүлүштүктөр дагы жок эмес. Кээде балдардын укуктары корголбой калган учурлар бар. Алсак, кылмыш кылган балдарды тергөөгө алып келгенден кийин балдар коркуп ата-энеси, мугалими, жактоочусу жок дагы сурак берип, тергөө иштери жүргөн фактылар катталып жатат. Бул жактан алып караганда балдардын укугу корголбой жатат. Биз колубуздан келген жардамды берип, баланын укугун коргоо боюнча иштерди көрүп жатабыз. Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун келип чыгышынын негизги себептери үй-бүлөдөн башталат. Үй-бүлөдөн таалим-тарбия алган бала эч качан жаман жолго баспайт. Ичимдик ичип балдарына көп көңүл бурбаган ата-энелер бар. Мектептен дагы балдарга тийиштүү көңүл бурулбай жатат. Себеби азыркы тапта айрыкча мектептерде балдар кордолуп таяк жеп, рэкетчелик күчөп кеткен. Бул албетте ойлонто турган маселе.


Урманбетов: “Балдардын укугун корголуп жатат”

Ал эми Ысык-Көл облусттук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Октябрь Урманбетов өспүрүмдөрдүн укугун коргоо жаатында бир катар иштер жүрүп жатканын, балдарга аяр мамиле жасаган бөлмөдө жакшы шарттар түзүлгөнүн айтат.

- Жаш өспүрүмдөрдүн укугун коргоо боюнча балдарга карата кылмыштуулук же зомбулук учурлары катталса аларды тергөө амалдырын жүргүзүүдө ЮНИСЕФ тарабынан атайын бөлмө ачылды. Мисалы эки бөлмөнүн ортосуна терезе орнотулуп, анда кылмышкер менен баланы кезиктирбеш үчүн өзүнчө бөлмөдө жайгаштырылат. Видеобайкоо дагы орнотулуп, ал сакталып соттук процессте көрсөтүлөт. Бул бөлмөдө сыналгы, шахмат, китептер дагы коюлду. Жаш өспүрүмдөр менен инпекторлор дагы иштеп жатышат. Алардын иш бөлмөсүндө тийиштү шарттар түзүлгөн. Балдардын укугун корголобой жатат деген сөзгө макул эмесмин. Себеби жаш өспүрүмдөр боюнча кандай гана кылмыштуулук болбосун алдын алуу иштери жүрүүдө. Быйылкы жылы профилактикалык иштерди көп болду. Балдардын жүрүм-туруму, алардын жаман жолдорго түшпөөсү үчүн айрыкча мектептерде, айыл жергелери менен иштешип жаттык. Азыр биздин облустта 630 бала каттоого алынган.

Балдарга аяр мамиле кылуу бөлмөлөрү ЮНИСЕФтин көмөгү жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин (DFID) каржылык колдоосу менен "Ынтымактуу жана инклюзивдүү жамааттардын келечеги үчүн жаштардын туруктуулугун арттыруу" программасынын алкагында түзүлгөн. БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн жетекчеси Юкиэ Мокуо мындай бөлмөлөр буга чейин Жалал-Абаддагы Сузак районунда ачылганын белгиледи.

-Милицияда жана сотто балдарга дос жана аяр мамиле жасаган жол-жоболорду түзүү үчүн эл аралык стандарттарды сактоо зарыл. Бардык жол-жоболор, иликтөөлөр, маектешүүлөр жана соттук угуулар балдарга аяр мамиле жасап, ар баланынын кызыкчылыктарына шайкеш жүрүшү керек. Балдарга аяр мамиле жасаган бөлмөлөрдүн ачылышы баланын кызыкчылыгын эске алууда маанилүү ролду ойнойт. Буга чейин мындай бөлмөлөр Жалал-Абаддагы Сузак районунда ачылган. Алыдда дагы балдардын кызыкчылыгын көздөй турган ушул сыяктуу иш-чараларды жүргүзө бермекчибиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!