​Азиядагы эң бийик ибадаткана өрттөнүп кетти

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:22

Кытайдын Сычуань провинциясында жайгашкан Азиядагы эң бийик будда ибадатканасынан өрт чыкты. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, имарат 16 кабаттан турат. Каза тапкандар жана жабыркагандар боюнча маалымат түшкөн эмес. Тергөөчүлөр өрттүн эмнеден улам тутанганын тактап жатышат.

Өрт бир нече саатка созулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!