Айгерим: "Германияда иш табууга көп мүмкүндүк бар"

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 15:21

Германиянын Линген шаарындагы “MediClin Hedon Klinik” деп аталган клиникада волонтер болуп иштеген 23 жаштагы мекендешибиз Айгерим Арстанбек кызы «Zaman Кыргызстан» маалымат агенттигинин кабарчысы менен маек курду.

- Айгерим алгач өзүңүз жөнүндө кыскача тааныштыра кетсеңиз? Кайсы жердин кызы болосуз?

-Менин киндик кан тамган жерим Жайыл районунун Суусамыр айылы болот. Бирок, тилекке каршы мен кичинемде ата-энем жашоо шартка байланыштуу Суусамырдан Сосновка айылына көчүп келип туруп калышкан. Мына ушул керемет айылда чоңойуп жана мектепти аяктагам. Өзүм эки бир тууганмын. Менден улуу эжем бар.

- Сиз Германияга качан жана кандайча барып калдыңыз эле? Бул жакта эмне иш кыласыз?

-Мектепти аяктаган соң, Бишкек шаарындагы ИСИТОдогу медициналык колледжден билим алгам. Анан өз кесибим боюнча Кара-Балта шаарында мед айым болуп иштеп жүргөн учурда немис тилин үйрөнгүм келип, менде бул тилге болгон кызыгуу пайда болду. Ошентип иштен тышкары немис тилин үйрөнүү үчүн атайын курска барып калдым. Анан немис тилден берген мугалимим менен мамилем жакшы болуп, ал мага “FSJ” программасы боюнча бул жакка келгенге жардам берди. Азыр Германиянын Линген шаарында жашап жатканыма 1 жылдан ашып калды. Ушул эле шаардагы “MediClin Hedon Klinik” деп аталган клиникада волонтер болуп иштеп жатам.

- Сиз жашаган Германиянын Линген шаары жөнүндө, немис эли жана маданиятты жөнүндө мекендештерибизге маалымат бере кетсеңиз?

-Бул шаар Германиянын кичекей шаарларынын бири болуп эсептелет. Шаардын жалпы аянты 176.13 км түзөт жана калкынын саны болжол менен 53 миңден ашык. Линген шаарынын тазалыгы менен кооздугу, заңгыраган имараттар менен адамдын көзүнүн жоосун алат. Ошондой эле шаардагы жүргүнчүлөр үчүн көбүнчө поезд, трамвай жана троллейбустун түрлөрү тынымсыз кызмат кылышат. Ошодуктан ар бир жүргүнчүгө бул траспортировкалар ыңгайлуу болгондуктан, ададардын көбү жогорудагы аталган каттамдар менен жол жүрүшөт. Андан сырткары жүргүнчүлөрдүн дагы бир бөлүгү велосипед менен жүрүшөт. Так айтканда, бул жактагы адамдар жумушка болобу же эс алганы бир жерге барса дагы велосипед менен барышат. Велосипед менен бир жакка баруу алар үчүн уят эмес. Ал гана эмес кары адамдар дагы велосипед менен жүрүшөт.

Бул шаар башка шаарларга салыштырмалуу кичине шаар болгондуктан менин баамымда бул шаарга сырттан эс алганы келген туристтер азыраак. Бирок, Германияда чет элдиктер көп жашагандыктан көчөдөн ар улуттагы элдерди көрүүгө болот. Сыртан келген мигранттардын көбү жумуш издеп келип, иштеп бул жакта калып калышат. Ал эми Лингендин башка шаарлардан айырмачылыгын айтсам, бул жактын табиятынын кооздугу. Бул шаардан көптөгөн белгилүү жазуучулар менен дүйнөгө таанымал адамдар чыккан. Кичекей шаар болгонуна карабастан бут баардыгын тапсаң болот.

Ал эми немистер жөнүндө айтсам, анда баары билгендей эле немистер ар бир нерсеге так жүрүшөт. Эли ачык, меймандос жана кичипейил келишет. Ошондой эле алар дайыма жардам бергенге даяр турушат. Андан сырткары мыйзам бул жакта катуу иштегендиктен немистер өздөрүн ошондой алып жүрүшөт.

Бул элдин маданиятты жөндө айта турган болсок, анда маданият абдан жакшы өнүккөн. Сөз менен айтып бүтө албайсың. Ошондой эле бул жакта биздегидей эле жакшы майрамдары бар. Мисалы, немистерда жаңы жылды аябай жакшы майрамдашат. Бирок, алар “Рождествого” көбүрөөк басым беришет. Мындан улам 1-декабрдан тартып шаардын ичи майрамга карата кооздолуп, атайын жайларда ар кандай оюн-зооктор ачылып, эл майрамдык маанайда болот. Ал эми “Рождествонун” эң негизгилеринин бири болуп “Глювайн” эсептелет. Майрамдарды аябай көңүлдүү өткөрүшөт.

- Бул жакта иш табуу жана иштөө кыйын болсо керек? Ал жакта мигранттар үчүн кандай шарттар бар?

-Эгер жогорку билимдүү болуп, немис тилин да билсең анда иш тапканга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондуктан Германиядагы биздин мекендештерибиз ар кыл сектордо эмгектенишет. Бул жакта өз күчүң менен баарына аракет кылса болот. Ошондуктан коррупцияны ойлонбой өз күчүң менен бул жакта баарын кыла аласың. Ошол жагы мага аябай жагат. Мындан улам Германиядагы биздин мекендештерибиздин көбү бул жактан магистратурага тапшырып, өз билимдерин жогорулатышат.

- Сиз Германиядагы клинакада волонтер болуп иштеп калууңузга эмне түрткү болду жана ишиңиз оорбу?

-Бул жумушта иштеп калышыма менин бала кезимен берки кыялым же тилегим түрткү болду десем туура болот. Себеби, мага социалдык жумушта эл менен аралашып иштеген жакчу. Андан сырткары мени медицина жааты аябай кызыктырат. Ошондуктан бул өлкөдө медицина жааты аябай жакшы өнүккөндүктөн мурдатан келе жаткан кыялдарымды орундатып, ишимде жакшы тажрыйба топтоо менен бирге билимимди жогорулатуу үчүн бул мамлекетте иштөөнү тандагам.

Ишке келсек, башында Лингенге келгенде тил жагынан кыйынчылыктарга туш болгон күндөрүм көп эле болду. Анткени, көп жерден түшүнбөй калып, бир сөздү 8-10 жолу сураган учурларымда мен өтө уялат элем. Бирок, менин бул жактагы коллегаларым болгон аракеттери менен мага түшүндүрүшчү. Алар менин түшүнбөй жатканымды туура түшүнүү менен кабыл алышчу. Ошондуктан алар мага жакшы мамиле кылып бир сөздү бир канча жолу кайталап, көрсөтүп жатышты. Анан убакыттын өтүшү менен менде тил жактан мурдагыдай көп кыйынчылыктар болбой калды. А негизи жумушум оор деп деле айта албайм. Реабилитационный клиника болгондуктан бизге пациентерибиз оор акыбалда келишет. Бирок, алар убагында дарыланып, ар кандай терапияларды кылышып айыгып кетишет.

- Сизди германиялыктар кандай кабыл алышат. Ал жактан дос күтө алдыңызбы? Алар Кыргызстан мамлекети жана кыргыз эли жөнүндө билишеби?

-Мен алгач бул жака келгенимде өзүмдү бөтөн элдин арасында жүргөндөй деле сезген жокмун. Анткени, немистер жогоруда айткандай эле меймандос келишет. Ошондуктан мен бат эле элдер менен тил табышып кеттим. Негизи эле Лингенде жолдон кетип баратып деле бей тааныш адамдар менен эч кыйынчылыгы жок эле сүйлөшө бересиң. Мындан улам мен немистер менен гана дос болбостон көптөгөн чет элдиктер менен таанышып, дос күтө алдым. Андан сырткары бул жактагы кыргыздар да бири-бирибиз менен жакшы мамиледе болуп, ар кандай жолугушууларда жолугуп турабыз. Эң өкүнүчтүүсү бул жактагылар Кыргызстанды дагы деле Россиянын карамагына карайт деп ойлошот. Анан аларга мен сыймыктануу менен Кыргызстан жаңы өнүгүп келе жаткан өз алдынча эгемендүү мамлекет экенин айтып берем.

- Алдыңызга кандай пландарды коюп жатасыз?

-Алдыда көптөгөн максаттарым бар. Буюрса менда башкалар сыяктуу эле бул жактан өзүмдүн билимимди жогорулатайын деп жатам. Калганын азырынча айтпай эле турайын.

- Бул жакта окууга тапшырайын деп пландап жаткан экенсиз. Анан чет өлкөлөрдө карьера жасай алган кыргызстандыктардын көбү мекенине кайтып келе бербейт. Анан сиз да окууну бүткөндө өз мекенинизге кайтып келбей койбойсузбу?

-Алдыга койгон пландар Кудай буюрса ишке ашса, анда өз мекениме эле барам деген план менен жүрөм. Бул өлкө кандай гана жакшы болбосун өз мекениңе эмне жетсин. Анткени, өз жериңде ээн эркин, каалаган нерсеңди кылып, ата-энеңдин жана туугандарыңдын жанында жүрсөң ал мен үчүн эң бактылуу көз ирмемдердин бири болот да. Себеп, ата-эненин мээримин эч нерсе алмаштыра албайт эмеспи.

- Маегибизди ушуну менен аяктайлы. Буюрса, мындан кийин да маектешебиз деген ойдомун. Алдыда Жаңы жыл майрамы келе жаткандыктан жалпы окурмандаргага каалооңуз жана кайрылууңуз!

-Кыргыз элимди келе жаткан жаны жыл майрамы менен куттуктайм. Мекенибиз өнүгүп өсүп, өлкөдө тынчтык болуп жана элибиз аман-эсен болушун тилемекчимин.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!