Төкөлдөштөгү түтүкчө коркунуч жаратууда (фото)

7-Дек. 2017, Бейшемби, 16:10

Бишкек шаарындагы Төкөлдөш жаңы конушундагы турак жайларга жылуулук берүүчү ишкананын түтүкчөсү, жашоочуларга жакын жайгашкандыктан адам өмүрүнө коркунуч жаратууда. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Литовский көчөсүнөн Төкөлдөш конушуна чейинки жылуулук берүүчү түтүкчөнүн жанындагы курулуштар өтө тыкыз жана мыйзамсыз курулган. Инспекторлордун айтымында, ысык өтө турган түтүкчөлөрдөн жогорку чыңалуудагы суу өтөт, андыктан бардык курулуштар беш метр алыстыкта курулушу керек эле.

"Эгерде авариялык кырдаал катталып, түтүкчө жарылса анда курулуштарды ысык суу каптап, жарандардын өмүрүнө коркунуч алып келүүсү толук мүмкүн. Буга чейин курулуп жаткан курулуштарга Мамэкотехинспекция эскертүү берип келген. Бүгүнкү күндө кайталап текшерүүнүн негизинде, мыйзамсыз курулуп калган курулуштарга, куруу иштерин жүргүзүүгө уруксаат берген Бишкек жылуулук ишканасына жана курулуш ээлерине тийиштүү чара каралды",-деп айтылат маалыматта.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!