Экстремизге каршы жөө жүрүш болду

7-Дек. 2017, Бейшемби, 16:37

Жалал-Абад шаарында 300дөй жаштар экстремизм жана терроризимге каршы «Ыйман – биримдиктин жана тынчтыктын өзөгү!” деген аталыштагы жөө жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Акция менен мурда шаар мэриясы тарабынан жарыяланган экстремизге жана терроризмге каршы күрөшүүнүн бир айлыгы соңуна чыкты.

Жаштардын бул жөө жүрүшү шаар мэриясы тарабынан уюштурулуп, ага ар бир окуу жайлардан студенттер, шаардагы аймактык башкаруулардан келген шаар тургундары, шаар мэриясынын, областтык казыяттын өкүлдөрү да катышышты. Массалык акция убагында коомдун бейпилдиги, тынчтыгы, коомчулуктун өз ара биримдиги өзүнөн-өзү боло турган нерсе эмес. Ал ар бирибиздин ниеттерибизден, аракеттерибизден көз каранды. Ошондуктан да коомубуздун ар бир мүчөсү буга умтулушу керектиги айтылды.

Бир айлыктын алкагында алдын ала пландалган иш-чараларга ылайык, шаардагы бардык мектептерде, жогорку жана атайын орто окуу жайларында, мекеме-ишканаларда ар түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери кеңири жүргүзүлуп келди.

Эскерте кетсек, акыркы жылдары алыскы Ирак жана Сирияда болуп жаткан кандуу согуштарга Кыргызстандын аймагынан, айрыкча Жалал-Абад облусунан да ондогон жаштар барышканы, алардын айрымдары кайтып келишкени да коомчулукка маалымдалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!