​“Беш акын” жарышы өткөрүлөт

26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 18:19

ТҮРКСОЙ, КРнын жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурулган “Беш акын” долбоорунун негизинде акындар арасында сынак болот. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 27-февралында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филмармониясында саат 18:00дө “Беш акын” долбоору болмокчу.

Долбоорго Мырзайым Айтимбетова, Рыскул Изатова, Мелис Мамажанов, Чолпон Орозалиева, Бекболот Сарбаев аттуу акындарга жарышка чыгат. Алар сынакта өз өнөрүн тартуулашып, калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!