Быйыл Сталиндик репрессияга кабылып, улут лидерлеринин жазыксыз атылганына 80 жыл толот. Дээрлик жарым кылым белгисиз болуп келген репрессия курмандыктары тууралуу тарыхый сыр Кыргызстан эгемендик алгандан көп узабай Бүбүйра Кыдыралиеванын көрсөтмөсү менен ачыкка чыккан.
Жазыксыз жерден эл душмандары аталып, атылган кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрү тууралуу режиссер Алижан Насиров “Ата Бейит” аттуу документалдуу тасма тартты.
Кинодо Чоң-Таш айылынын чет жагында жашыруун көмүлгөн маркумдардын сөөгүн казып чыгаруу иштери, аларды кайра жерге жашыруу жөрөлгөсү чагылдырылган. Бул тарыхый сырды ачууга көмөктөшкөн ошол кездеги КГБнын өкүлү Болот Абдрахманов, окуяны атасынын калтырып кеткен керези боюнча айтып берген Бүбүйра Кыдыралиева негизги каарман катары тартылган. Тасмага “Кыргызфильмдин” архивиндеги кардлар жана Болот Абдрахмановдун жеке архивиндеги буга чейин көрсөтүлбөгөн казуу мезгилинде тартылып алынган видеоархивдери колдонулду.
Фильм мындан төрт жыл мурда тартылган. Буга чейин Крым, Москва, Казань шаарларында көрсөтүлүп, 30дан ашуун өлкө катышкан сынакта биринчи орунду багындырган.
Режиссер Алижан Насировдун белгилешинче, кино тартуу идеясы журналист Абдыбек Казиевдин сунушунан улам пайда болгон.
“Архивди карап көрсөк, ушул темага арналган толук кандуу фильм жок экен. Фильм кыска болгонуна карабай ошол каргашалуу окуянын толук таржымалын камтыганга аракет жасадык. Бул окуяга байланышкан дагы көптөгөн фильмдерди тартса болот деп ойлойм. Албетте, бул башкысы. Кинону тарткандан кийин бул окуя тууралуу элдин маалыматы өтө аз экенин байкадым. Репрессия эмне экендигин жаштар билбей бараткандыгы өкүндүрдү. Айрымдар 1937-жылды Үркүн деп таанышат экен. Фильм мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн баары тиешелүү эмеспи. Чет өлкөлөрдө бет ачарын өткөргөнүбүздө, алар бул окуя тууралуу унунтуп бара жатыппыз. Жаштарга эскертүү керек экен дешти”,-деди режиссер.
Бул окуя көп изилдөөлөрдү талап кылат. Биз фильмде болгону андагы тагдырларды кыска гана жалпылаштырып бердик. Анын баары тасмага сыйбай турган нерсе. 137 кишинин ар биринин тагдырын өзүнчө кино кылып тартса болот.
Бейкүнөө атылып кеткендердин катарында кыргыздын туңгуч интеллигенттери Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев жана башкалар болгон. Ал жерден жалпысынан 19 улуттун өкүлүнөн турган 138 адамдын сөөгү табылган.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовго да “эл душманы” деген жарлык тагылып, атууга кеткен. Анын уулу Илгиз Айтматов бейдарек болгон атасыз өткөн бала чагын төмөнкүчө эскерди:
Ал учурда мен 6 жаштагы бала элем. Ошол 1937-жылдары жер-жерлерде Сталиндик репрессия башталып, атамды партиядан чыгарабыз деген маселе коюлганда атам бизди көрөгөчтүк кылып Таластын Шекер айылына жөнөткөн. Эгерде антпегенде биздин үй-булөнү Сибирге айдап жибермек экен. Ошол бойдон атамды көрбөдүк. Биз 20 жыл бою күдөр үзбөй атабызды күттүк. Апабыз 1957-жылы Москвага экинчи ирет атабыздын дайын-дареги тууралуу кат жазып кайрылганда “Сиздин күйөөңүз 1938-жылы 8-ноябрда кайтыш болгон. Кайтыш болгон жери жана кандайча өлгөндүгүнүн да себеби белгисиз...”,-деген жооп келген.
Тарыхчы-журналист Абдыбек Казиев бул тарыхый окуяны убакыт толуктап, келечекте чоң фильм тартылат деген ойдо:
“Кыргыз мамлекетинин алгачкы пайдубалын түптөгөн чыгаан инсандардын арбагы бир сыйра козголуп алды болуш керек. Биз мектепте окуп жүргөндө окуянын жападан жалгыз күбөсү болгон Бүбүйра апаны көзү өтүп кеткен күбө катары тааныганбыз. Биз ошол тарыхый чындыкты элге жеткирели дедик. Бул окуя боюнча изилдей турган материал өтө көп деп кайрылган тема болчу”,-деди Абдыбек Казиев.
Тарыхта кара так окуя катары калган Сталиндик репрессияда жалпысынан 40 миңден ашуун кыргызстандыктын өмүрү кыйылганы айтылып жүрөт. Бул алкактан алып караганда 137 кишинин сөөгүнүн кайда жашырылганынын ачыкка чыгышы – түймөнүн көзүндөй эле иштин аткарылганынан кабар берет. Кыргызстан өзүн эгемен өлкө катары жарыялоодон бир күн мурда, 30-августта Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында атууга кеткен 137 интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрүнүн жасаты кайрадан жерге берилип, “Ата Бейит” деп аталган. 2008-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү да ошол жерге атасынан жанына жашырылган. Андан эки жылдан кийин, 2010-жылы апрель окуясында окко учкан 86 адамдын сөөгү да ошол жайдан орун алган.