​Башка адамдын паспорту менен чек арадан кармалды

19-Апр. 2018, Бейшемби, 12:20

Башка бирөөнүн паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Кадамжай-унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайында сиңдисинин паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылган 1958-жылы туулган жаран кармалган. Текшерүү маалында ал 1964-жылы туулган жарандын паспортун көрсөткөн. Натыйжада ал документтер кармалган жаранга таандык эмес экендиги аныкталган.

Ал өзүнүн кичүү сиңдисинин паспорту менен үй-бүлөлүк иш-чарага катышуу үчүн Өзбекстанга чыгууга аракет кылгандыгын билдирген.

Тиешелүү документтер чогултулган соң, ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!