​Модельер: атамдын шымынан көйнөк тигип тил уккам

29-Авг. 2017, Шейшемби

Москва шаарына келгенине аз убакыт болсо ишкерлик чөйрөсүндө аз да болсо ийгиликтерге жетишип иштеп жаткан мекендешибиз “Kali collection” ательесинин жана тикмечилер окуу борборунун жетекчиси Венера Бөкөтаева өзү жазап жаткан иштери менен бөлүштү.

-Өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз?

-Буга чейин Бишкекте “Kali collection” ательесинин жана тикмечилер окуу борборуну уюштуруп иштеп жүргөм. Күчүмдү Москва шаарынанда сынап көрүүнү чечип Жолдошум Бакыт Садырбаев экөөбүздүн Москвага келгенибизге 7 ай болду. Биринчи үч ай үй менен алек болуп жүрдүк. Бул жерге келип өзүмдүн сүйүктүү ишим менен толук кандуу алектенгениме 2 айдын жүзү болду.

-Бул ишти кантип качан баштап калдыңыз, ким же эмне түрткү болду.

-Бул ишти бала чактан эле жактырып жүрчүмүн. Куурчактарга көйнөк тигип, кездеме таппай, атамдын биринчи алган костюм шымын түн ичинде туруп алып кескилеп, тил уккам. Апамдын урушканына да болбой, тырышып, калган-каткан кездемелерди аңдып эле жүрчүмүн.

Мектепти бүткөндө дизайнерлик кесипте билим алууну каалагам. Бирок, атамдын айтканы боюнча юристпруденция факультетине тапшырып аны аяктап, кийин Тышкы Иштер Министирлигинин Дипломатия Академиясын бүтүрдүм. Бул окуу жайлары мага өмүр жолумда көп жардам берди. Студент кезде токтоолукка, адамды түшүнө билгенге, ар кандай жашоо кырдаалдарына чыдамкайлык менен мамиле кылганды үйрөндүм. Алган билимим азыркы денгээлге алып келди.

Бул ишти апамдын артынан баштап улап кеттим десем жанылышпайм. Апам Кыргызстандан чакан цех ачып, бир нече адамга жумуш берип жүрдү. Мен апама кол кабыш кылып жардам берип аралашып жүрдүм. Кийин өзүнчө чоң цех ачып Россиянын көп шаарларына халат тигип жөнөтчүмүн. Апамдын аты Калий болгондуктан, фирмамдын атын “Kali collection” деп койдум. Логотипте Дельфиндин сүрөтү бар, ал да жөн эле эмес. Апам гороскоп боюнча балык, а балыктын эн акылдуусу дельфин экен. Азыркы учурда элге таанымал болгон атыбыз бар. Халат бизнеси бүтүп, шоу бизнесиндегилер менен иштешип аларга кийим тиге баштадык. Мындан тышкары үйлөнүү той көйнөктөрүн, кечки көйнөктөрдү көп чыгардык. Кафе, ресторандардын дасторкон, кол аарчы, эмеректердин жабдыктарын жана тейлөөчүлөрдүн кийимдеринин дизайнерлерин ойлоп чыгарып, тигип жүрдүк.

-Иштеги кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болдубу, болсо аны кантип жеңдиңиз ошол тууралуу токтоло кетсеңиз?

-Баардык эле иште кыйынчылыктар көп болот. Бирок, адам жакшы көргөн иши болсо, ал кыйынчылыктарды тоскоолдук деп санабайт. Кыйынчылыктар көп. Мисалы Москва шаарын жакшы билбегендиктен адашып кеткен күндөр көп. Жолго акча таппай калган күндөрда да болуп жатат. Иштеги кыйынчылыктар да бар, сайма сайган жумушчу табуу мүмкүн эмес экен. Биздегидей тамбордук тигүү машинасы жок. Орус жарандары андай машинаны көп биле бербейт экен. Сайма түшүрүү үчүн кездемени бычып, Кыргызстанга жөнөтүп жатам. Ошондой эле тигүү машиналарын оңдогон жумушчулар кымбат алышат экен. Бишкекте бир машинаны 300 сомго оңдотуп жүрсөк Москвада бир машинага 2000 рубль төлөөгө туура келет.Бирок мунун баары чечиле турган иш деп ойлойм!

Эң негизги кыйынчылыгым бул убакыттын, акчанын жана бул чөйрөдөгү билимимдин жетишсиздиги болду. Өзүм аябай өжөр болгондуктан, көп ката кетирсемда, аны оңдоп жатып өнөрүмдү тажрыйбалуу деңгээлге чыгара алдым.

-Жазап жаткан ишиңиздеги кандай ийгиликтер жетишкендиктер болуп жатат.

-Москвада иштегениме эки ай болду. Бул убакытта мен жакшы денгээлге чыктым деп ойлойм. Адамды кийиминен тааныбайт, ишинен тааныйт дегендей азыр мени бишкекте да Москвада көп киши таанып, билип калды. Москвадан көптөгөн жакшы адамдар менен тааныштым, алардын ичинде орустардын сахна жылдыздары да кедешет. Алар менен чогу жарата турган көп пландар бар. Менин өнөрүмдө көп нерсе билүү зарыл. Мисалы керектүү дүкөндөрдүн кайда жайгашканы, керектүү жабдыктардын арзан баада сатылган даректерин, тигүү шаймандарды, кездемелерди сатуучу жерлерди, усталардын арзан жана жакшы жазагандарын билүү керек. Мындай маалымат чогултуу, өтө көп убакытты алат, анткени мунун баарын өз көзүң менен көрүп, билип, кездемелерин кармап көрүү. Менин пикиримде Москвадагы керектүү нерселерди билүү чоң жетишкендик. Анткени Москва аябай чон шаар.

Ошондой эле ийгилик жаратып жаткан окуучуларым бар. Муну менин ийгилигим деп билем. Окуучуларымдын көбү бул өнөрүн жакшы өздөштүрүп, өздөрү ателье, үйрөтүүчү курстарын ачып, эмгектенип жатышат. Чет өлкөлөрдө өнөрлөрүн көрсөткөн окуучуларымда бар. Алар бул өнөрчүлүккө таандык өзүм иштеп чыккан эң оңой, эң кыска жана кызыктуу жол менен үйрөнө тургандай ыкма билим алышкан.

-Келечектеги алдыга койгон максаттарыңыз.

Жакын арадагы максаттарым - жаңы топтом чыгарып, Москва шаарында тигүүчүлөрдүн окуу жайын ачып жатам. Буюруса, жакын арада, баарын ишке ашырам деп турам, учурда ошонун аркетин көрүп жүрөм.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!