Россия кечкен 240 млн. долларга барабар мамлекеттик карыз акчага Ысык-Көл областын айланта шакекче жолу курулат. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди.
“Мен өкмөт башчы катары сөз берем Кудай буюрса Ысык-Көлдү айланта жол курабыз. Бул Россия карызын кечүү боюнча ратификация күчүнө киргенден кийин долбоорду Кытайга билдирүү беребиз”,-дейт Исаков.