Шыпта каалгып учуп бараткан сыяктуу элес калтырган ак булуттар, дубалдын эки жагы керемет жаратылыш, төр жакта терезеден тийип турган күндүн нуру, бактагы куштардын үндөрү... Бул ажайып кооздукка бөлөнгөн бөлмө борбор калаадагы кароосуз калган, алдан тайып ооруга алдырган карыялардын “акыркы аялдамасы”...
Бул жерде күн кечирип жаткан ар бир карыя кезинде колдоруна бейиш жыттуу наристенин жытын искеп, ата-энелик бакытка чөмүлүп, наристесине жүрөгүн, жаштыгын, айтор бүт өмүрүн арнаган. Эми болсо минтип карыган кезде өз балдарынын мээримине муктаж. Турмуш-шартка ылайык, артында уулу же кызы, же жакын адамы жок карыялардын абалы түшүнүктүү. Алар үчүн бул жерден башка жылуу, мээримдүү жай жок. Бирок акыл-эстүү уул-кызы бар туруп, карыган кезде керексиз болуп калган кемпир, абышкалардын абалын өздөрүнөн башка эч ким айтып, жазып бере албас.
Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде өткөн жылы “өлүм төшөгүндө” жаткан бейтаптар үчүн “Мээрим” бөлмөсүн ачылган. Учурда ал жерде 22 киши жатат. Алар өз алдынча баса алышпайт, кээ бирлери тамакты өздөрү эптеп жесе, айрымдарына мекеменин кызматкерлери жеп-ичиришет. Бейтаптар күн бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп дары-дармек ичип, ийне алышат. Баса, алар баса албагандыктан жалаяк (памперс) менен жан сакташат.
80 жаштагы Халича Султанова бул жерге өткөн жылы келген. Бирок ал кандай шарт-жагдайдан улам келгенин айта албайт. Болгону терезеден тирүүлүктүн өкүмү сүрүп жатканын сездирген күндүн шамал, сыдырым желдин деми менен ушул жашоосуна шүгүр келтирип, тынчтык болсо экен деп тилеп олтурат.
Борбордун директору Эркингүл Абдылдаева бөлмөнүн ичи атайын жасалганын айтып, бир орундукта жаткан бейтаптар жок дегенде асманды элестеткен шыпты тиктеп, эки жакка караганда тоо, суу, бак-дарак, айтор жаратылышка көз жүгуртүп аз болсо да өздөрүнө жакшы маанай тартуулоосу үчүн ушундай жасалга менен кооздолгонун билдирди.
Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде кароосуз калып, ден соолугунан айрылган соң эч кимге керексиз болуп калган кишилер болуп жалпысы 270 чамалуу адам жашайт.
Ал бул жерде мурдараак негизинен башка улуттун өкүлдөрү көбүрөөк болсо, акыркы учурларда кыргыз карыялары да алардын катарын толуктап, бул жерде байырлап калганын билдирди.
“Биздин мекемеде канча киши жашаса, ар биринин ошончо тагдыры, күйүтү, арманы, үмүтү бар. Ошентсе да биздин кызматкерлер өз баласындай камкордук көрүп, эч кимисинин көңүлүн оорутпаганга аракет жасашат. Тилекке каршы, кыргыз элинин нарк-насилине таптакыр каршы келген көрүнүш көбөйүп жатат. Карап турсаң байманалуу жашаган, эч бир кыйынчылык тартпаган уул-кыздар ата-энелерин көзүн жалдыратып таштап кетишет. Жаштарга айтарым ата-энелерин көзү барында сыйлап, кароосуз таштабаса. Алар деле кези келгенде карылыкка моюн сунушат. Ошондо ата-энелеринин тагдырын алар да өз башынан кечирип калбаса”,-деди борбордун директору Эркингүл Абдылдаева.
Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда бул сыяктуу камкордукка муктаж карыялардын алты мекемеси бар.