Билимдүү, таланттуу, жаратман жаштарыбыздын катары көбөйүп баратканынан кабардар болуу кандай ырахат. Болгондо да алардын чет жерде ийгилик жаратып жүргөндөрү жүрөк сүйүнтөт. Дегеним, каарманым Адилет Тынарбек Американын Массачусетс штатынын борбор шаары Бостондо жашап, иштейт. Болгондо да мекенинен алыс жүргөнүнө карабай океандын ары жагындагы алыскы өлкөдө “Тайтору” деген аталышта жеке такси кызматын ачкан. Мындай жаратман, жигердүү, камчыга сап мекендешибиз менен сыймыктануу менен биргеликте анын ийгилик сырлары менен бөлүшүүнү туура көрдүк.
-Адилет мырза, алгач өзүңүз тууралуу азыноолак маалымат бере кетсеңиз?
-Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусумун. Туулуп, өскөн кичи мекеним Жалал-Абад областынын Аксы жергеси болот. Орто мектепти Кербенден аяктадым. Атам аскер кызматкери, апам мугалим.
-Жакшы экен, Аксынын жөнөкөй уулун Америкага кайсы шамал айдап барды экен? Ал жакта жашап, иштегениңизге канча убакыт болду?
-Америкага студент кезимде келгем. Өз курдаштарымдай эле эл-жер көрүп, дүйнө кыдырайын деген ой менен океандын бери жагына келип калдым. Башында 3 айга келгем. Кийинчерээк кызыгуум күчөп, дагы 6 айга калууну чечтим. Ата-энемди, мени аскерге кетти, кызмат өтөп жүрөт деп элестеткиле, буюрса бир жылдан кийин барып калам деп жоошутканым эсимде. Убакыт өтө берет экен, мына "кызмат өтөп" жүргөнүмө 5 жыл болгону калды. (күлүп)
-Башында албетте кыйналган учурлар болсо керек? Эң биринчи баргандагы сезимдериңиз менен тең бөлүшсөңүз?
-Башында баары кызык туюлат. Өзгөчө алгачкы 3-4 айда күнүгө жаңы адамдар менен таанышасың. Көзүң көргөн, колун кармаган нерсенин баары жаңы болуп жатып, убакыттын кандай өткөнү билинбей калат. Анан убакыттын өтүшү менен батир алмаштырайын десең сенин кредит таржымалың менен кошо очойгон депозит (Crédit History) сурайт. Жумуш котороюн десең тажрыйба сурайт. Визасы бүткөндөрдүн визасын алмаштыруу же узартуу сыяктуу майда-барат маселелер жарала баштайт. Бирок мындай маселенин баары тилиң жакшы болсо бат эле чечилет. Айтор көп эле жолу "Таранчыны тага, бөдөнөнү бөлө кылышка" туура келет. Жеке менин тажрыйбамда жаңы келгенде тил деңгээлим төмөн болчу. Бир аз жүрүп эле тил окууну баштадым. Ал эми мекенге, жакындарга болгон кусалык 6-7 айдан баштап пайда болсо керек. Өзгөчө сыркоолоп калган учурда жакын адамдарындын жылуу сөзүнө муктаж болосуң. Сен Кыргызстанда жүргөндө дос-тууганың жаныңда болуп, материалдык муктаждык гана болгон болсо, бул жакта тескерисинче каалаган нерсенди сатып аласың, болгону эле маңдайындан сылап, жылуу сөзүн арнаган кишиге муктаж болмой...
-Чет жерде жүргөнүңүзгө карабай ошол кусалыктын, сагынычтын баарын жыйыштырып коюп чымырканып өз алдыңызча иш баштап, ийгилик жаратып жатканыңыздан да кабардарбыз. Эмесе ошол иш тууралуу өз оозуңуздан уксак?
-Бул жакта иш баштоо, ишкерлик чөйрөгө аралашуу негизи эле оңой. Ушул учурда Америкада 23 миллиондон ашык чакан жана орто бизнес катталган экен. Анын үстүнө кыргыздар чыйрак, аракетчил келип, ишке жоопкерчиликтүү мамиле жасайт эмеспизби. Андай артыкчылыгыбызды байкаган иш берүүчүлөр кыргыздарды колдон чыгаргысы келбейт. Мен деле ошол көпчүлүктүн катарында аз-аздан жогорулап жатып, алгач жалданма жумушчудан баштап, убакыттын өтүшү менен тең-шерик, өнөктөшкө айландым. Мурда транспорт тармагында сервис көрсөтчүбүз. Азыр ал тармакта атаандаштык күчөп кеткендиктен, андан бир аз алыстап, жаңы тармактарды изилдөөнүн үстүндө иштеп жатабыз.
-Дагы жаңы тармактарды изилдөөдөбүз дегениңизден улам менде мындай суроо пайда болууда. Жаратмандык сиздин бала кезиңизден эле байкалса керек?
-Жаратмандык бала кезден бар беле билбейм. Бала кезде айылда, карапайым үй-бүлөдө чоңойдум. Мектепте жогорку класстарга келгенде активдүүлүгүм күчөп, ар кандай коомдук иш-чараларга катыша баштадым. Студент кезде да активдүү досторго туш болдум. Кыргызстандын ар тарабынан лидер достор чогулуп "Кеменгер" деген студенттик клуб түзүп, көптөгөн социалдык-экономикалык долбоорлордун үстүндө иштеп калдык. Негизи эле адамга анын чөйрөсү маанилүү эмеспи, мен ошол досторумдан көп нерсе үйрөндүм. Жадагалса чет жакка чыгышыма да дал ошол досторум өбөлгө болду окшойт.
- Кыргызстанга кайтуу жакынкы планыңызда барбы?
- Кыргызстанга сөзсүз кайтабыз деңизчи. Бирок азыр эмес. Азыр бул жакта үйрөнчү нерсе көп. Дагы ар кайсы тармакта өзүбүздү сынап көрүп, тажрыйба жыйнашыбыз керек.
-Жакында го, кайтпайт экенсиз...Жеке жашоосун жыйыштырып коюп иштин артынан сая түшкөндөрдүн катарында эмессизби?
-Америкада статистика боюнча баш кошкондордун орточо жашы 29-32 экен. (күлүп)Тамаша! Аны ойлонуп жүрөбүз. Убакыт-сааты келе элек го..
-Биз адамдар, адатта кимге кандай дос болуп бере алдым дебей, мага ким кандай дос болуп бере алды деп ойлонот экенбиз. Сизчи?
-Мен кимге кандай дос болуп бере алдым??? Кызык суроо экен. Бирок бул суроону менден эмес, мени досторунун тизмесине кошуп жүргөн кишилерден сураш керек го? Сырттан жакшыраак көрүнсө керек...
-Жогоруда студент кезден эле лидерлик сапатыңыз бар экени тууралуу айта кеттиңиз, мекениңизге кайтканда саясий чөйрөгө да тиш салып көрүү тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле?
- Генерал болууну эңсебеген аскер аскер эмес дешет го. Убакыттын өтүшү менен көрө жатаарбыз.
-Америкага барып кыялдарын орундатам деген жаштарга айтаар кеңешиңиз...
-Америкага келем деген жаштарга кеңешим, тилди жакшылап окуп анан келиш керек. Голливуд кинолорундагы Америка менен чыныгы Америка эки башка. Америкада жашайм деген адам эн негизгиси коммуникабелдүү болуп, ар кандай өзгөрүүлөргө, жаңыланууга ачык болушу керек. Себеби бул жакта сага сен гана жардам бере аласың. Америка чоң мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү. Бирок ал мүмкүнчүлүктөр оңой менен келе бербейт...