Атамбаев: "Эл өзүнүн президенттин өзү шайлайт"

15-Окт. 2017, Жекшемби, 11:16

Эл өзүнүн президенттин өзү шайлайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда президент Алмазбек Атамбаев шайлоо тилкесинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Эл кимди шайласа ошол президент болот. Эл өзү чечсин. Ушул жол менен кетеби же Акаев менен Бакиев кеткен жол менен кеткиси келеби, өзү чечсин. Ал эми бүгүнкү күн мен үчүн майрам күн. Кыргыз эли таза шайлоо үчүн кыйынчылыктарды көрүп, ага каршы күрөшүп келген. Ар бир эл өзүнүн бийлигин өзү шайласын. Мен президенттик мөөнөтүм аяктагандан кийин жооп бергенге даярмын”,- деп билдирди өлкө башчысы

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!