Жалбыздын жыты узак сапарды жеңилдетет

Жалбыздын жыты узак сапарды жеңилдетет
18-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 11:32

Окумуштуулар жалбыз менен корицанын жыпар жыты узак сапарга чыккан айдоочунун көңүлүнү бир жерге топтоп, чарчоосун азайтаарын аныкташкан.

Батыш Виржиниядагы Иезуит университетинин окутуучусу Брайан Роденбуш жана анын студенттери жыттардын рулдагы адамга болгон таасирин изилдеп чыгышкан.

Бул изилдөөгө Роденбуштун 25 студенти катышып, алар рулда болгон учурда ар 15 мүнөттө 30 секунддай жыттуу чөптөрдү жыттап ожлун улаган. Бул көрүнүштөн соң айдоочунун абалы бир топ оңолгону байкалган. Чарчоосу азайып, чыдамдуулугу, ишке жөндөмдүүлүгү арткан.

Изилдөөнүн жыйынтыгында жыттуу чөптөрдүн жыты адамдын нерв клеткаларын жөнгө салаарын, ишке жөндөмдүүлүктү арттырат. Ошондой эле спортсмендердин, мекемеде иштегенердин чарчоосун жеңилдетээри айтылган. Окумуштуулар жалбызды жана корицаны жыттоо өзгөчө узун жолго чыкканда өтө пайдалуу, ал эми курамына жалбыз кошулган сагыз болобу, башка азыктар болобу оң таасирин берет деп эсептешет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!