​"Манчестер Юнайтед" таркап кетеби?

​
18-Апр. 2018, Шаршемби, 14:05

"Манчестер Юнайтед" футбол клубунун башкы машыктыруучусу Жозе Моуринью бул сезондон кийин команданын курамын түп-тамырынан бери өзгөртөт. Бул тууралуу «Советский спорт» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык "Манчестер Юнайтед"футбол клубунан Поль Погба гана кетпестен, дагы бир топ футболчуларды алмаштыруу каралып жатат. Башкы машыктыруучу Жозе Моуринью клубдун бул курамы өзүн-өзү көрсөтүп бүткөндүгүн жана олуттуу жаңыланууга муктаж экендигин айтып чыкты. Башкы машыктыруучу мындан ары ким менен иштеше тургандыгын да белгиледи. Алар дарбазачы Давид Де Хеа, коргоочу Эшли Янг, жарым коргоочулар Хуан Мата, Неманья Матич, Джесси Лингард, чабулчуулар Алексис Санчес , Ромелу Лукаку...Калганы менен иштеше албай турганын машыктыруучу ачык айтып чыкты.

Ал эми жетекчилик башкы машыктыруучу менен макул болобу же жокпу жакында айтылмакчы. Мынча футболчуну иштен кетирүү көптөгөн көйгөйлөрдү жаратат. Ал эми жаңы футболчуларды алуу да бир топ каржы маселесин жаратмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!