​Дүйнө чемпиону күчүктүн артынан каза болду

​Дүйнө чемпиону күчүктүн артынан каза болду
10-Май 2018, Бейшемби, 15:39

Мотоцикл жарышы боюнча дүйнөнүн беш жолку чемпиону Эрик Геборс күчүктү куткарам деп каза болду. The Sun” басылмасынын маалыматына караганда атактуу спортчу көлгө кулаган күчүктү куткарам деп артынан сууга түшүп, чөгүп кеткен. Жарышчыны достору куткарууга аракет кылышкан. Бирок суунун муздактыгынан куткара албай калышкан. Куткаруучулар келгенде баары кеч болуп, жарышчынын сөөгүн таап чыгышкан.

55 жаштагы Эрик Геборс – дүйнөдө 5 жолу мотокросс боюнча чемпиондукту багындырган жалгыз спортчу. Ал үч класс боюнча 125, 250 жана 500 куб сантиметрди жеңип чыккан. 1988-жылы жылдын спортчусу тандалып, спортко кошкон салымы үчүн сыйлыкка татыктуу болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!