​Улуттук банк: Акча которуулардын мааниси зор

27-Март 2017, Дүйшөмбү

Улуттук банктын билдиргение караганда 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке адамдардын акча которуу системалары аркылуу которуулары 1 млрд. 991,3 млн. долларды түзгөн. Бул көрсөткүч Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн 30,2 пайызына барабар. Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн мигранттардын акча которууларынын мааниси зор экендигин белгилеген Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын, төлөм теңдеми жана тышкы карызды тейлөө бөлүмүнүн башкы экономисти Асель Султаналиева Мигранттардын акча которууларынын мааниси тууралуу буларга токтолду.

- Жумушчулардын акча которуулары деген эмне?

Жумушчулардын акча которуулары – бул чет өлкөлөрдө бир жыл бою же андан көбүрөөк иштеп жүргөн эмгек мигранттары тарабынан өз мекенине жөнөткөн акча которууларды айтсак болот. Көбүнчө акча которуулар мигранттар тарабынан өзүнүн үй-бүлөөсүнө колдоо көргөзүү максатында жөнөтүлөт. Акча которуулардын натыйжасынан үй чарбасындагы киреше булак көбөйүп, акчаны кабыл алган тарап ал каражатты эң негизги керектөөлөрүн жабуу максатында жумшайт.

2000-жылдардын башында мигранттардын акча которууларынын мааниси дүйнөлүк экономикада өтө жогорулаган. Дүйнөнүн айрым өлкөлөрү үчүн акча которуулары эң негизги булак катары кабыл алынып, кээде соода жана кызмат көргөзүүдөн, кредит же түз инвестициядан валютанын киришинен дагы жогору турат. Дүйнөлүк банктын баа берүүсүнө таянсак, 2015-жылы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө акча которуулардын көлөмү 431,6 млрд. АКШ долларын түзүп, 2014-жылга караганда 0,4 пайызга көптүк кылган.

- Акча которуулар кантип ишке ашырылат?

- Негизинен, акча которууларды жөнөтүүнүн 2 ыкмасы бар: формалдуу жана формалдуу эмес.

- Формалдуу каналдар (акча которуу системалары аркылуу которуулар (Мисалы: Золотая Корона, Контакт, Юнистрим, Western Union), жеке адамдардын банк жана почта аркылуу которуулары ж.б. Бул каналдар расмий статистика менен эске алынып турат.

Формалдуу эмес каналдар (эмгек мигранттар, алардын достору, тааныштары, автобус айдоочулар же поезддин проводниктери аркылуу алып келинген накталай акча). Акча которуулардын накталай формада алып келүүсүн эсепке алуу мүмкүн болбогондуктан, Улуттук банк которуулардын бул бөлүгүнө кошумча эсептөөлөрдү жүргүзөт. Кыргыз Республикасына келип түшкөн мигранттардын акча которууларынын негизги каналы болуп акча которуу системалары эсептелинет, алар которуулардын 90,0 пайыздан көбүн түзөт. Ал эми жеке адамдардын банк жана почта аркылуу которууларынын үлүшү чоң эмес.

- Акча которууларды жүргүзүүдөгү төлөмдүн баасы канча турат?

- Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда акчаны которгонго төлөмдүн орточо баасы дүйнө жүзүндө айырмаланат. Мисалы, Россиядан Кыргызстанга акча которуу системалары аркылуу акча которгондо суммадан орточо 2 пайыз алынат. Ошондой эле Европадан Африкага которуулардан 5-10 пайыз алынат. Тагыраак айтканда дарегине жараша айырмаланат.

- Акча которуулар кандайча эсепке алынат?

- Улуттук банктын иштеп жаткандардын акча которуулары боюнча маалыматына, жеке адамдардын акча которуу системалары, банк жана “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасы аркылуу жөнөтүлгөн которуулар кирет. Бул маалыматтарды Улуттук банк коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Жолдор министрлигинин отчеттору аркылуу алат. Андан сырткары, Улуттук банк формалдуу эмес которуулар боюнча кошумча эсеп жүргүзүп, жумушчулардын акча которуусунун жалпы суммасын чыгарат. Кошумча эсептөө буга чейинки изилдөө жана эсептөөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Кошумча эсептөө акча которуулардын таза киришинин 10 пайызын түзөт.

- Акыркы жылдардагы иштеп жаткандардын акча которууларынын динамикасы кандай?

- 2010-жылдан 2014-жылга чейин мигранттардын акча которууларынын киришинин өсүш темпи стабилдүү болуп, жылына орто эсеп менен 19,0 пайызды түзгөн. Бирок, 2015-жылы акча которуулардын таза көлөмү 2014-жыл менен салыштырганда 25,8 пайызга төмөндөп, мигранттардын акча которууларынын киришинин төмөндөө тенденциясы байкалган. Бул биринчи кезекте орус рублунун АКШ долларына болгон девальвациясына байланыштуу. Бул көрүнүш орус рублунда болгон акча которуулардын кириш көлөмүнүн өсүү темпинин сакталуусу менен далилденет. 2016-жылдын ичинде Кыргыз Республикасына келип түшкөн акча которуулардын көлөмүнүн өсүшү байкалган.

- Акча которуулардын төмөндөшү Кыргыз Республикасынын төлөм теңдемине кандай таасир тийгизди?

- Мигранттардын акча которуулары төлөм теңдеминин күндөлүк трансферттер эсебине келип түшүүлөрдүн кыйла бөлүмүн камсыз кылып, Кыргыз Республикасынын төлөм теңдемине чоң таасирин тийгизет. Күндөлүк трансферттердин келип түшүүлөрү өз кезегинде республиканын соода тарташтыгын каржылоонун негизги фактору болуп эсептелет. Белгилүү бир учурларда байкалган акча которуулардын келип түшүүсунүн төмөндөшү төлөм теңдеминин күндөлүк операцияларына терс таасирин тийгизген. Бирок, ошону менен бирге, акча которуулардын келип түшүүсү төмөндөгөн учурларда дагы келип түшкөн акча которуулардын көлөмү керектөө товарларынын таза экспортун каржылоого жетиштүү болуп турду.

- 2016-жылы негизги кайсыл өлкөлөрдөн акча которуулар келди жана кайсыл өлкөгө жөнөтүлдү?

- 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке адамдардын акча которуу системалары аркылуу которуулары 1 991,3 млн. АКШ долларын түздү, бул 2015-жылдын салыштырылып жаткан мезгилдин көрсөткүчүнөн 18,3 пайызга жогору. Кыргыз Республикасынан 357,0млн. АКШ долларындагы суммада акча которуулары жөнөтүлгөн. Салыштырып кетсек, 2015-жылы өлкөдөн 339,2 млн. АКШ доллары көлөмүндөгү которуулар жөнөтүлгөн. Ошондуктан 2016 жылы акча которуулардын таза агымынын көлөмү 1 634,3 млн. АКШ долларын түзүп, 2015 жылга салыштырганда 21,6 пайызга жогорулаган.

Акча которуулардын жалпы агымында Россия Федерациясынын үлүшү 90,0 пайыздан көбүрөөк. Акча которуулардын географиялык кесилишинде башка өлкөлөрдүн үлүшү мурдагыдай эле аз.

Жыйынтыгында өлкөнүн экономикасы үчүн мигранттардын акча которууларынын мааниси зор экендигин эске алуу менен Улуттук банк которуулардын статистикалык эсепке алуусун жакшыртуу, изилдөө жана анализдөө багытында үзгүлтүксүз иш жүргүзүп келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!