Ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды (фото)

28-Апр. 2017, Жума

Бүгүн, 28-апрелде Бишкектеги “Аю гранд” соода борборунда “Кыргызстанда жасалган” деген аталыштагы жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды.

Жарманке 1-майга чейин уланып, ата мекендик ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн кийим-кече, тамак-аш азыктары, жеңил жана оор техникалар келген кардарлардын назарына сунушталды.

Иш-чара 1-май – эмгекчилердин майрамына карата “Ата мекендик өндүрүшчүлөр” бирлиги тарабынан уюштурулуп, максаты – ата мекендик өндүрүштү колдоо, аларга салым кошуу, дем берүү максатын көздөйт.

"Кыргызстанда жасалган, ата мекендикин сатып ал" коомдук фондунун төрагасы Бакыт Дегенбаевдин айтымында, көргөзмө-жарманкеге өлкөнүн бардык аймагынан келген 90го чукул компания өздөрү чыгарган продукциялары менен катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!