​Базар-Коргондо жаңы мечит ачылды

5-Июль 2017, Шаршемби

Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Коткор айылында заманбап үлгүдөгү жаңы Жума мечит үч бөлмөлүү медресеси менен ачылып пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мечиттин ачылыш аземине ЖК депутаты Мирлан Бакиров, Базар-Коргон районунун акими Айбек Карыбекович, Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Шаиков Тынчтык ажы, имамдар, алыс жакындан келген коноктор жана жергиликтүү эл катышты.

Райхатиб Тынчтык ажы Шаиков мечиттин ачылышы менен куттуктап, элди биримдикке чакырып, мечиттин фазилеттерин түшүндүрүп, ал - Алланын үйү экендигин айтып, беш убак намазды такай жамаат менен окууга үндөп кетти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!