Жакыр үй-бүлөгө жардам беришти

6-Июль 2017, Бейшемби

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен шаардагы муктаж, жакыр үй-бүлөлөргө орозо-битирден чогулган 100 миң сомго азык-түлүктөр жана күнүмдүк керектелүүчү буюм-тайымдар таркатылган.Бул тууралуу хатибияттын катчысы Адыл Кошоев билдирди.

Ал эми Таш-Көмүр шаарынын баш имам хатиби Мураталы ажы Мансуровдун айтымында мындай кайрымдуулук иштер колунда жоктордун көңүлүн көтөрүп, аларга да майрамдык маанайларды тартуулады. Ошондой эле муктаж үй-бүлөлөрдүн жашоо турмушуна бир аз да болсо көмөктөш болгон.

Азык-түлүктөр борбордук мечитте 100 дөн ашуун муктаждарга шартына жараша 410 сомдон тарта 5 миң сомго чейин таратылган. Муну менен катар шаархатиб Ислам дининин баалуулуктары, кайрымдуу иштердин соопторунун улуулугу тууралуу келген жамаатка түшүндүрүү иштерин жана нускалуу баяндамаларды айтылды.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!