“Бакай-Ата” конушунда электр өчүрүлдү

9-Июнь 2017, Жума

Бүгүн, 9-июнда “Бакай-Ата” жаңы конушунда электр энергиясы өчүрүлдү. Бул тууралуу “Түндүк электрдин” ААКтын басма-сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 110/35/10 кВ «Лермонтова» жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунда айрым жабдыктардын иштен чыгып калышына байланыштуу, “Бакай-Ата” жаңы конушунда авариялык өчүрүүлөр болгон.

Учурда аталган көмөк чордондо оңдоо иштери жүрүп жатат. Анткен менен конуштун тургундары жарыгы жок калбашы үчүн, аларды башка электр тармагына убактылуу кошуп туруу иш аракеттерин көрүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!