Жалгыз бой энеге жардам көрсөтүлдү

19-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Кара-көлдүк жаштар 96 жашка чыккан Курманжан эненин батирин оңдоо үчүн 100 миң сом чогултушту. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.

Кара-Көл шаарынын жаштары жүз миң сомду накталай чогултушкан. Бул акчаны ушул эле айылдын 96 жаштагы тургуну Шерикбекова Курманжан эненин жашаган үйүн оңдоп-түзөө үчүн каражатка керектүү жабдыктарды алышкан.

Бул сунушту мечитке келген жаштар өздөрү колдошуп, шаар хатиби Бектен ажы Керезбаевге билдиришкен.

Курманжан эненин абышкасы көзү өтүп, учурда жалгыз, 1-топтогу эки буту жок майып уулу менен күн кечирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!