Таякчалар менен сейилдөө иш-чарасы болду

20-Июнь 2017, Шейшемби

Улуттук Кызыл Ай коому карыялар арасында таякчалар менен сейилдөө иш-чарасын уюштурду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Бул иш-чарага клубдун он алты мүчөсү катышты. Ар бирине атайын таякчалар тартылып, басуунун ыкмаларын көрсөтүлдү. Карыялар эки катарга тизилип, таякчалар менен сейил бакты аралап басышты.

Улуттук Кызыл Ай коомунун карыялар клубунун мүчөсү Нина Писаева бул иш-чара тууралуу буларга токтолду.

“Негизи карып калганда атайылап сейил бакка чыкпайсың. Бүгүн баарыбыз бирге чыкканыбыз абдан жакшы болду. Өзгөчө бизге ар дайым жылуу мамиле жасап, кам көрүп, турса жашагың келет. Клубду жетектеген Жамиля менен Элмира ар дайым биздин маанайыбызды көтөрөт”,-деди ал.

Улуттук Кызыл Ай коомунун жалгыз бой карыларга жардам көрсөтүү долбоорунун координатору Жамиля Мадалбекова:

«Атайын таякчалар менен сейилдөө иш-чарасын биринчи жолу уюштурдук. Карыяларыбыздын ден соолугун чыңдоо менен таза абада маектешүүнү пландаштырдык. Мындай иш-чараларыбыз аркылуу карыларыбыздын коомго салым кошооруна, алардын да коомдо орду бар экенине басым жасагыбыз келет»,-деди Мадалбекова.

Кошумчалай кетсек, мындай сейилдөөлөр улантылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!