2011-жылы Сирияда ички жаңжал чыкканда Асад режими кыска мөөнөттө кулаары күтүлүп жаткан. Бирок ал бийликте калды. Мында Россия жана Ирандын таасири болгону менен Асад бардык кийлигишүүлөрдөн аз зыян менен чыкты.
Асад өзү ким? Кайда өскөн? Билимди кайдан алган жана лидерлигин кантип коргоп келет?
“Al Jazeera” телекомпаниясы Асаддын өмүр баянын изилдеп көрдү. Анда Сириянын президентинин бийликке келген 2000-жылдан берки жолу жазылган.
Сириянын президенти Башар Асад 2000-жылы июль айнда же атасы Хафыз асад дүйнөдөн кайткандан бир ай өткөндө бийликти мураска алган.
2011-жылдын март айынан бери Сирияда өкмүдарлыгы коркунучта. Өлкөнү курчаган коркунучтардан болжол менен 465 миң адамдын өлүмүнө себеп болду.
Татыштык жана араб өлкөлөрү оппозицияны колдоолоруна карабастан Асад жети жыл уланган чогуштан аман чыкты. Артка кайткысы жок.
Асад ким? Билгендерибиз:
⦁ 1965-жылы 11-сентябрда туулган. Асад Хафиз менен жубайы Анисанын экинчи уулу.
⦁ Хафиз Асад Сирия армиясы жана азчылык Alevi партиясы 1970-жылы Сирияда көзөмөлдү колго алуудан мурда бийликке келди.
⦁ Башар Асад Дамасктагы “al-Hurriye” араб-француз мектебинде билим алган.
⦁ Мектепти 1982-жылы аяктап Дамаск университетинин Медициналык бөлүмүнө тапшырып, окууну 1988-жылы аяктаган.
⦁ 1992-жылы “Western Eye” университетинде иштөө үчүн Лондонго кетти. Ал мезгилде саясий карьера оюнда жок эле.
Президенттикке карай жол
⦁ Президент болууга даярдалган улуу агасы Басил 1994-жылы жол кырсыгынан көз жумганда асад Дамаскка кайтууга аргасыз болгон. 29 жашта саясатка кирди.
⦁ Хомстагы аскердик академияга тапшырып, тездик менен жогорулаган. 5 жылда полковник болду. Бул мезгилдерде атасына кеңешчилик кылды.
Жек көрүндү саясат
⦁ Хафиз Асад 2000-жылдын 10-июнунда дүйнөдөн кайтты. Анда Сирия парламенти тездик менен добушка салып пезиденттикке талапкерлердин жашын 40тан 34кө төмөндөттү. Ошентип Асаддын талапкерлигине эч кандай тоскоолдук калган жок.
⦁ Асад 2000-жылдын 11-июлунда бийликке келди. Баас партиясынын лидери жана башкы кол башчы болуп дайындалды.
⦁ 97 пайыз добуш алды. Алгачкы сөзүндө экономикалык либерализмди жана саясий реформаларды жүргүзөөрүн айтты.
⦁ Батышты туураган демократияны Сирия саясатына колдонууну жокко чыгарды.
Ливан козголоңу
⦁ Тышкы мамилелерде Асад Израиль мене тең салмаксыз мамилеге, Ливан көзголоңу жана суу укуктары боюнча Түркия менен чыңалууларга учурады.
⦁ 2000-жылы Сирия Ливандын премьер-министри Рафик Хариринин өлүмүнө аралашкан деген айыптоолорго кабылды.
⦁ Бул Ливан козголоңуна, эл аралык кысымдарга себеп болсо, Сирия бул айтылгандарды четке какты.
⦁ Жүз миңдеген козголоңчу Бейрут көчөлөрүндө Сириянын Ливанга кийлигишүүсүнө каршы пикрлерин айтты. 2000-жылы 26-апрелде Сириянын аскерлери Ливандын аймактарынан чыкты.
Оппозицияга кысымдар
⦁ Адам укуктары реформасы Асад бийликке келгенде анча өзгөргөн жок.
⦁ 2006-жылы Сирия оппозицияны чет өлкөгө чыгуусуна тыю салды.
⦁ 2007-жылы эч бир оппозициялык партия президенттик жарышка катышпай тургандай референдум өттү. Шайлоочуларда Асаддын талапкерлигин кабыл алып албагандыгы суракка алынды. Асад дагы бир жолу 97 пайыз добуш алып жеңишке жетти.
⦁ 2007 жана 2011-жылы “Facebook” сыяктуу медиа платформаларды колдонууга тыю салды.
⦁ Тунис, Египет жана Ливия сыяктуу Сирияда да 2011-жылдын 15-мартында саясий реформаларды, адам укуктарын коргоо жана 1963-жылдан бери уланып келе жаткан өзгөчө кырдаалдын алдыруу үчүн каршылыктар башталды.
⦁ Асад бардык араб дүйнөсүнө жайылган көтөрүлүштөр Сирияга таасир этпей турган аракеттерди кылды.
⦁ Бирок “төңкөрүш”, “паракорчулукту токтотуу”, саясий туткундарды бошотууну талап кылган өкмөткө каршы козголоңдор өлкөнүн бардык жерине жайылды. Адам укуктары уюмдары алты айда 2000 козголоңчу өлтүрүлгөнүн билдирди.
⦁ Асадды сындагандар анын тажрыйбасынын жоктугун, жаңы дүйнөдө Сириянын ордун камсыз кыла албаганын айтышты.
⦁ Козголоңдордун алгачкы сегиз айында Сирияда көз жумгандардын, Түркия, Ливан жана Иорданияга качкандардын саны артып Асад болгону бир нече ирет элдин алдында сөз сүйлөдү.
⦁ 2011-жылы Асад өкмөтү козголоңчуларга карата кысымы катуу деген кепти четке какты. Башкы кол башчы болгону коопсуздук күчтөрүнө “өлтүрүү тууралуу буйрук бербегендигин айтты. Асад 2011-жылы “ABC” телекомпаниясына берген маегинде “Эч бир өкмөт жинди тарабынан башкарылбаса өз жарандарын өлтүрбөйт”,-деген.
⦁ 2011-жылы бир топ өлкө Асадды кызматынан чегинүүгө чакырды.
⦁ 2012-жылы 5 миң жаран Сирия режими, 1000 киши режимге каршы күчтөр тарабынан өлтүрүлгөнү билдирилди. Март айында БУУ Сирияга тынчтык планын сунуштады. Бирок бул деле зомбулукту токтото алган жок.
⦁ 2012-жылы БУУнун жетекчилери козголоң ички согушка айланганын белгиледи.
⦁ 2013-жылы жарандарга каршы химиялык курал колдонгон деген негизде Асад дүйнө лидерлеринин кысымына учурады.
⦁ 2013-жылы БУУ 2011-жылдан бери 70 миңден ашык адам өлтүрүлгөнүн белгиледи.
Жасалма шайлоолор
⦁ Жаңжалдар уланып сырттан бийликтен кетүүгө чакырыктар ташталганда Асад 2014-жылдын июнь айында жасалма шайлоолорду өткөрдү.
⦁ Шайлоолор болгону өкмөттүн көзөмөлүндөгү аймактарда жүргүзүлдү. Асад добуштардын 88 пайызын алды.
⦁ Сентябрь айында ордун дагы бекемдеди. Россия аскердик жардамды убада кылды.
⦁ 2016-жылы жаңжалдан улам Сирияда көз жумгандардын саны 470 миң болду. Жаңжалдардан качкан миллиондогон качкын маселелери эл аралык талкууларды күчөттү.
Жаңы кол салуулар
⦁ 2017-апрелде жарандарга химиялык курал колдонулду деген сөздөн улам АКШнын президенти Трамп Сириянын аба мейкиндигине кол салган. Бул аракеттер Асад жана союздаштары Россия, Иран тарабынан сынга алынган.
⦁ Бир жылдан кийин 2018-жылдын апрель айында Асад кайрадан химиялык курал колдонгону тууралуу кабарлар тарады. 2018-жылдын 13-апрелинде АКШ, Англия жана Франция менен биргеликте “химиялык курал жайгашты” делген борборлор бутага алынды.