Арыктоонун амалдары

20-Апр. 2018, Жума, 11:35

1. Арыктоо үчүн, тамак жебей, күнү бою ачка жүрүү – туура эмес. Тамактануудан баш тартуу аркылуу ашказандын кызматын бузуп аларыңызды унутпаңыз.

2. Спорт менен алектенип, туура тамактанууга аракет кылыңыз. Кыймыл-аракетсиз диета кармоонун натыйжасы да көрүнбөйт.

3. Ашыкча салмактан арылгың келсе, спорт менен алектен.

4. Эгерде диетанын экинчи, үчүнчү жумасында өзүңүз ойлогондой көрсөткүчкө кол жеткире албасаңыз, анда кам жебеңиз. Анткени диетанын биринчи жумасында адам организми май менен суюктуктун өлчөмүн көп жоготот. Ошол себептен алгачкы жумада бир топ салмак таштаган болосуз.

5. Кол жеткизген көрсөткүчтү сакта, андан ашыкча салмак кошуудан абай болуңуз.

6. Жумасына эки жолу таразага түшүп турган жакшы. 1-2 кг салмак кошсоңуз да, андан арылууга тырышыңыз.

7. Аз-аздан, бирок бат-баттан тамактаныңыз. Күндө жеп жаткан тамактын өлчөмүн жана майлуулугуна көңүл бөлүңүз.

8. Конокко барган маалда, өзүңүздү колго алып аз тамактаныңыз. Эгер бар болсо диеталык дасторкондогу тамак-аш менен тамактанган оң. Мисалы, жер-жемиш, майы жок эт, салат жалбырактары.

9. Тегерегиңиздеги адамдарга диета кармап жатканыңызды айтуунун кереги жок.

10. Конокто тойдо тартылган торттон баш тартуу кыйын болушу мүмкүн. Ал учурда көз алдыңызга кооз көйнөктөрүңүз тар болуп калганын элестетиңиз.

11. Сууну, жалпысынан суюктуктан көбүрөөк ишиңиз.

12. Тамакты чакан тарелкага салып жеңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!