Трамп: Тынчтык болоруна ишенем

24-Май 2017, Шаршемби

АКШнын президенти Дональд Трамптын алгачкы чет мамлекетке зыяратынын төртүнчү күнү Палестинада лидери Махмуд Аббас менен жолукту.

Оккупациядагы Иордан суусунун батыш жээгиндеги Бетлехем шаарында өткөн жолугушууда Дональд Трамп Израиль жана Палестина тынчтыкта жашай тургандыгына ишенерин айтты.

Эки лидердин катышуусунда өткөн маалымат жыйынында АКШнын өлкө башчысы тынчтыкты орнотуу менен бирге Палестинанын экономикасына колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. “Палестина экономикасына колдоо көрсөтүү үчүн президент Махмуд Аббас менен иштешкени жатабыз. Бейкутчулук үчүн палестиналыктарга жана израилдиктерге жардам беребиз”,-деди. Ал эми Палестинанын лидери “Израиль менен коңшулук мамиледе, коопсуздукта жашоону каалайбыз. Бул боюнча АКШ бийлиги менен иштешүүгө даярбыз”,-деди. Ошондой эле ал Израиль-Палестина көйгөйү динге байланыштуу эмес экендигин кошумчалады.

Палестиналык туткундар ачкачылыктын чегинде
Дональд Трамп тынчтыкты орноткон лидер катары тарыхта каларынан ишенебиз деген Махмуд Аббас АКШ лидеринен Израилдин абактарында бир айдан бери ачкачылык жарыялап жаткан палестиналык туткундарга кысымды токтотуу зарылчылыгын талап кылууну суранды.

“Бейкутчулук өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө, мыйзамдын үстөмдүгүнө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. “Кыйноо маданиятынын ордуна тынчтык маданиятын жайылтуу керек. Жерлерибизди бөлүп турган дубалдардын ордуна коңшуларыбызга жол ачкан достук көпүрөлөрү курулса”,-деди лидер.

Газада “Хамас” кыймылын жактаган акция өттү


АКШнын президенти Дональд Трамптын “Хамас” кыймылын террорчулук менен байланыштырганы Газада нааразычылык жаратты. Анын пикирине каршы “Террорчулар жерди окуппациялагандар жана адам өлтургөндөр” деген ураандарды көтөргөн топ Газанын түндүгүндөгү Качкындар лагеринен жүрүшкө чыгышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!