Фетхуллах Гүлен Хожаэфенди дүйнөгө белгилүү “Washington Post” гезитине макала жазды. Анда Түркия бүтүндөй күчтү колуна алган, оппозицияны баш ийдирүү үчүн колунан келгенин кылган президентти менен таанылгыс абалга келгенин билдирген. Ошону менен бирге Хожаэфенди Түркиянын демократияга кайтуусуна батыштын көмөгү зарыл экенин баса белилеген.
“Washington Post” басылмасына жарыяланган “Таанылгыс абалга келген Түркия” аттуу темадагы макала төмөндөгүчө.
“Жыйырма жылдан бери жашап келген АКШнын президенти менен мекеним Түркиянын өлкө башчысы Ак-Сарайда жолугушканы турат. Бул эки мамлекеттин ИЛИМ менен күрөш, Сириянын келечеги, качкындар кризиси сыяктуу көп сандаган маселеси бар.
Бир убактарда демократиянын үмүтүн жандырган Түркия бүтүндөй күчтү колуна алган, оппозицияны баш ийдирүүнү каалаган президентти менен таанылгыс абалга келди.
Түркиянын демократияга кайтуусуна батыштын көмөгү зарыл. Ушул жолугушуу жана келерки жумаларда өтө турган НАТОнун саммитин бул максатка багытталган бир мүмкүнчүлүк болушу керек.
Өткөн жылы 15-июлундагы ырайымсыз аскердик төңкөрүш аракетинен кийин күнөөсүз адамдарга карата зулумдуктар башталды. Күрттөр, атеисттер, солчулар, журналисттер, окумуштууларды жана тынчтыкты жактаган Кызмат жамаатын кошкондо жалпысынан 300 миңден ашуун Түркия жараны камакка алынды. Иштен бошотуу жана башка жолдор менен кыйноого кабылды.
Төңкөрүш аракетин катуу сындадым. Мага шылтангандарды четке кактым. Миңдеген чакырымдарда алыстыкта жатканыма карабастан эч далилисиз эле төңкөрүштү пландаганымды айтып айыптады.
Өкмөт эртеси банкта эсеп ачкан, мектепте мугалим болгон, гезитке кабар жазган деген себептер менен Кызматка байланышы бар миңдеген адамдардын тизмесин даярдады. Аларга күнөөлүүдөй мамиле жасап, каралай баштады. Алар түзгөн тизмеге эбак көз жумгандар, төңкөрүш учурунда НАТОнун Европадагы кошуундарында милдет өтөп жүргөндөр киргизилген. Эл аралык байкоочулар камакта кыйноо жана өлүм болуп жатканын билдиришти.
Эрдоган өкмөтү башка мамлекеттерде күнөөсүз адамдарды аңдыды. Маселен, Малайзияда 15 жылдан бери иштеп жаткан мектептин директорун кошкондо Кызмат кыймылын жактаган үч мугалимди өлкөдөн чыгарууга аракеттеништи. Бул адамдар Түркияга берилсе аларды камак жана кыйноо күтүп турганы белгилүү болчу.
Апрель айында өткөн референдумда президент аз айырма менен жеңип, мамлекеттин үч тармагын көзөмөлгө алган система түздү. Авторитардык режимдин жаңы этабына кирген түрк эли үчүн өтө тынчсызданам.
“Адилет жана өнүгүү” партиясы (АК партия) 2002-жылы Европа биримдигине мүчө болууну көздөгөн демократиялык реформаларды убада кылып, бийликке келди. Бирок убакыт өткөн сайын Тайип Эрдоган оппозициялык ойлорду укпай турган болду. Бир топ медиа органдарын мамлекетти көзөмөлдөгөн мекемелердин ортомчулугу менен өз тарабына алууга жетишти. 2013-жылдагы Гези паркындагы окуяларды күчкө салып токтотту. Айрым министрлердин ысымдары декабрь айында ири масштабдагы паракорчулук ишке аралашканда сотту жана медианы ооздуктады. Өткөн жылы 15-июлдан кийин жарыяланган өзгөчө кырдаал дале күчүндө. Эл аралык Мунапыс уюму дүйнөдө камалган бардык журналисттердин үчтөн бири Түркияда экенин баяндады.
Эрдоган өз элине зулумдук кылып жатканы бир эле жумушчулардын маселеси болуудан калган. Жарандык коом, журналист, окумуштуу жана күрт жарандарга көрсөтүлгөн зулумдуктар мамлекеттин туруктуулугуна доо кетире тургандай абалга жеткен.
Түркия кыйноону жактырган радикалдарга кучак ачкан, күрт жарандарды үмүтсүздүккө түрткөн диктатордук режимге айланганы Ортоңку Чыгыштын коопсуздугуна коркунуч жаратат.
Түркия элинде демократияны калыбына келтирүүдө Европалык союздаштардын жана АКШнын колдоосуна муктаж. Түркия 1950-жылы НАТОго кирүү үчүн көп партиялуу шайлоолорду өткөрө баштаган. НАТО мүчөсү катары Түркиядан альянстын демократиялык нормаларын бекем сактоону талап кылуу зарыл.
Түркия демократияны калыбына келтирүү үчүн маанилүү эки теманы карап чыгууга муктаж.
Биринчиси, коомчулуктун бардык катмарларынын салымы менен эл аралык укуктук жана адамдык нормаларга көз сала турган, батыштын ийгиликтүү, узак мөөнөттүү демократияларынан сабак алган демкоратиялык процессти камтыган жаңы жарандык Баш мыйзам түзүшү керек.
Экинчиси, демократиялык жана плюралистик баалуулуктарды талкуулаган, сынчыл көз карашты бекемдеген агартуучу окуу планын түзүп чыгуу зарыл. Ар бир окуучу мамлекетте ашыкча улутчулдук, диндин саясатташуусу жана кайсы бир лидерди ыйык тутуу коркунучтуу экендигин үйрөнүп чыкканы жакшы.
Бирок, буларды аткаруудан мурда Түрк өкмөтү өз элине кысым көрсөткөнүн, укук бузууларды токтотуусу, кыйынчылыкка дуушар болгон жарандардын укуктарын коргоосу зарыл.
Түркиянын дүйнөдө баса белгилей турган деңгээлдеги демократияга жетишкенин көрүүгө өмүрүм жетпейт. Бирок учурда болуп жаткан авторитардык кайгыдан кеч боло электе кутулушун каалайм”.