Үй-бүлөдөгү кыйынчылыктарды жеңүүгө кандай жолдор бар?

Үй-бүлөдөгү кыйынчылыктарды жеңүүгө кандай жолдор бар?
29-Сен. 2017, Жума, 17:25

Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө үйлөнгөнгө чейин түгөйүңүздүн мүнөзүн беш колдой билип алгандай болгонсуз. Бирок, күтүлбөгөн мезгилдерде түгөйүңүздүн таң кала турган кылыктары, кыялдары чыга баштаса кандай кадамдарга барасыз? Эгерде ушул суроолордун тегерегинде башыңыз катып жатса, анда бул кеңештер сиз үчүн.

Үй-бүлө кургандан кийин жубайыңыздын мурда ачылбаган "өнөрлөрү" чыга баштаса, чочулап чара колдонууга ашыкпаңыз. Бул жаңы үй-бүлөлөр үчүн мыйзам ченемдүү көрүнүш. Психологдор бул мезгилди "бири-бирин таануу", "бири-бирине көнүү" доору деп аташат. Аталган доордо эркектер айымга жетиштүү көңүл бөлбөй калса, аялдар сырткы келбетине такыр кам көрбөй калышат. Эгер сиз мындай кыйынчылыктан ийгиликтүү өткүңүз келсе, өзүңүздү эмоцияга алдырбай түгөйүңүздүн алдындагы милдеттерди так аткарууга аракет жасаңыз.

Экинчи доор "бири-бирин өз ара түшүнүшүү" деп аталат. Эгерде никеңиздер биринчи доордо бузулбаса, экинчисин башыңыздардан оңой эле кечиресиздер. Түгөйлөр бири-бирин бир ооз сөздөн, көз караштан түшүнө башташат. Уруш-талаш деген дээрлик болбойт. Бирок, бул доордун бир коркунучу- сүйүшкөндөр бири-биринин кулк-мүнөзүн ийне жибине чейин билишкенден кийин бири-бирине болгон кызыгуулары тарай баштайт. Ошентип, жалындаган сүйүү бара-бара солгундап, ортодогу мамиле сыйга айланат.

"Кризистик доор" - эң жоопкерчиликтүү учур болуп эсептелип, чыдамкайлыкты, көтөрүмдүүлүктү талап кылат. Түгөйлөрдүн жашоосундагы оор сыноо - балалуу болгон мезгил. Кош бойлуу учурда аял кишинин организми чоң өзгөрүүлөргө кабылып, мурдакыга караганда сөзгө чыдамы жок боло баштайт. Жолдошунун ашыкча көңүл бурууну талап кылганы менен ошол эле учурда ал да жылуу мамилеге зар экенин сезе бербейт. Бала төрөлгөн кезде да аял көп убактысын балага буруп, күйөөсүн экинчи планга жылдырат. Дал ушул маалда эркек өзүн ашыкча сезип, жубайлардын ортосундагы мамиле солгундайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!