Оорукчан аялды өлтүрүп, аны өрттөөгө аракеттенген

29-Сен. 2017, Жума, 18:20

Ысык-Атада 39 жаштагы аялды өлтүрдү деп шектелген тургун кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрында Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери Кант шаарындагы кароосуз калган мекеменин жанынан киши колдуу болуп өлгөн аялдын сөөгүн табышкан. Аялдын сөөгүн кароо жүргүзүү учурунда кылмыштын изин жашыруу максатында анын денесин өрттөөгө аракет кылган белгилер аныкталган.

Бул окуя боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө учурунда маркумдун өздүгү такталып, ал 39 жаштагы К.В. аттуу жергиликтүү тургун экендиги аныкталган.

Оорукчан аялдын кошуналарынын айтымында, маркум психикалык жактан жабыркап, тентип калган.

Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жыйынтыгында Ысык-Ата районунун 33 жаштагы жашоочусу кылмышка шектелип кармалган. Ал сурак учурунда күнөөсүн толугу мене мойнуна алган. Окуя болгон күнү ал маркум менен спирт ичимдигин ичип отуруп, экөөнүн ортосунда чыр чыгып, 33 жаштагы тургун К.В. ур-токмокко алып, муунтуп өлтүргөн. Андан соң кылмыштын изин жашыруу максатында өрттөөнү чечкен.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!