Казакстандыктар селфинин жардамы менен насыя алышат

28-Июль 2017, Жума

Казакстандыктар бир эле фото сүрөтү менен насыя алып, депозит ачууга мүмкүнчүлүк алат. Россиянын банктарында активдүү колдонулган селфи-идентификация ыкмасы Казакстанда кийинки жылдары пайдаланууга кирерин өлкөнүн маалымат каражаттары кабарлады.

“Бул кызматтын жакшы жактары көп. Биздин кардарлар үчүн өтө кызыктуу жана көптөгөн артыкчылыктарга ээ. Биринчи кезекте толгон документтерди топтоо, аларды өзү менен алып жүрүү машакатынан куткарат. Эң негизгиси бардык кызматтарды өзүнүн катыштыгы жок онлайн түрүндө аткарууга болот”,-деди банктын маркетинг жана коммуникациялар боюнча директору Олегжан Бекетаев.
Акылдуу система ал тургай эгиздерди айырмалай аларын, тажрыйбалуу хакерлер да аны алдай албай тургандыгын бул программаны иштеп чыккандар билдиришкен. Пилоттук түрү россиялык төрт ири банктын кардарларына жеткиликтүү болсо, казакстандык банктар селфи-идентификация ыкмасына эми кызыга баштады.
Кибер коопсуздугу боюнча эксперттер фото сүрөттөрдү түрдүү ыкмалар менен өзгөртүүчү жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу эскертишти. “Учурда адамдардын бетин өзгөртүп коючу технологиялар бар. Хакерлер соц тармактардагы сүрөттөрдү оңой алып, аларды банктарга сунушташы мүмкүн. Менимче бул жерде коргонуунун кошумча чараларын көрүү зарыл”, - деген Кибер чабуулдарды анализдеп изилдеген борбордун президенти Олжас Сатиев.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!