АКШ үч өлкөгө санкция киргизет

29-Июль 2017, Ишемби

АКШнын президенти Дональд Трамп Россия, Иран жана Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун бекитери белгилүү болду.

Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Хакаби Сандерс өз билдирүүсүндө “Президент Дональд Трамп мыйзам долбоорунун алгачкы чыгарылышы менен таанышып чыккан. Андагы айрым беренелерди талкууга алган. Эми акыркы вариантын изилдеди. Сүйлөшүүлөр аяктаган соң кол коюлат”,-деген.

Мыйзам долбоору бейшемби, 27-июлда Сенатта 97 добуш менен кабыл алынган. Ал эми Өкүлдөр палатасында 3 каршы, 429 макул деген добуш менен кабыл алынган.

Мыйзам долбоорунда Россиянын Украинага карата кадамдарына байланыштуу санкциялар каралган. Иранга өзөктүк жана баллистикалык ракета программасынан улам, ал эми Түндүк Кореяга адам укуктарынын бузулуп жатканы тууралуу пикирлерге байланышкан жаңы санкцияларды киргизүү сунушталган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!