Азия оюндарына билеттер сатыла баштады

29-Июль 2017, Ишемби

Ишемби, 29-июлда Түркмөнстанда Азиада оюндарына 220 спорттук сессиялар боюнча 700 000 билет сатыкка чыгарылат. Баасы чоңдор үчүн 7-10 манат, ал эми 14 жашка чейинкилерге кирүү акысыз.

“Билеттер “биринчи келген биринчи тейленет” принцибинин негизинде Ашхабадда сегиз жерде, ал эми аймактар боюнча алты жерде паспорт же башка өздүгүн тастыктаган документтин негизинде сатылат”,- деп жазылган уюштуруу комитетинин билдирүүсүндө.

Көрүүчүлөр Азия жана Океаниянын спортчуларынын спорттун 21 түрү боюнча оюндарына 12 күн бою күбө болушмакчы.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!