Өрттөнүп жаткан мейманканадан 400 киши чыгарылды

29-Июль 2017, Ишемби

Түркиянын Анталия провинциясындагы Кемер шаарында жайгашкан мейманканадан өрт чыкты. Беш жылдыздуу туристтик жайдын ашканасынан чыккан жалындан улам имаратты кою түтүн каптаган.

Өзөгөчө кырдаал боюнча мекеменин кызматкерлери мейманканадан 400гө жакын адамды алып чыгышкан. Жабырланган он төрт адамдын ону Түркиянын жараны, төртөө россиялык туристтер экени белгилүү болду. Алардын өмүрүнө коркунуч жаралган жок.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!