Түштүк Кореяга деңиз аркылуу келди

11-Авг. 2017, Жума

Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) тургуну деңиздеги чек араны кесип өтүп Түштүк Кореяга жеткенин “Рёнхап” агенттиги жазган.

“Түнкү саат бирлер чамасында Кедондо аралынан деңиз аркылуу качып келе жаткан КЭДРдин тургуну куткарылды”, - деп кабарланган Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынан.

Анын келгенине эмне түрткү болгону азырынча аныктала элек.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!