​Россия Кыргызстандын 703 млн доллар карызын кечкен

12-Окт. 2017, Бейшемби, 13:45

Акыркы 11 жылдын ичинде Россия Кыргызстандын 703,2 млн долларлык карызын кечкен. Бул тууралуу Россиянын Эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясынын “Россиянын экономикалык кырдаалы тууралуу мониторинг” докладында айтылат.

Маалыматка караганда, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Россиянын каржылык ири колдоосун алган Армения жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан да бар. 2011- жылдан 2015-жылга чейин Кыргызстан Россиядан жалпы 652,98 млн. доллар алган. Бир гана 2015-жылы Кырызстандын Россиядан алган каражаты 322,8 млн. долларга жеткен. Ал эми Армения 37,37 млн., Тажикстан 21,76 млн. доллар алган.

Россиянын колдоосунун жалпы үлүшүндө Кыргызстандын алган каржысы Кыргыз орус өнүктүрүү фондун эске алганда 17,7 пайызды түзөт.

Россиянын 2011-2015-жылдардагы Кырызстанга берген каржысынын көрсөткүчү:

2011-жылы -12,65 млн. доллар.

2012-ж -37,92 млн. доллар

2013-ж -76,73 млн.

2014-ж - 202,87 млн.

2015-ж - 322,81 млн. Беш жылдын ичинде жалпы 652,98 млн. доллар каржылык колдоо алган.

Ошондой эле Россия карыздарын кечкен өлкөлөрдүн ичинде да Кыргызстан алдыда турат. Башкача айтканда, Россия 703,2 млн млн долларды кечти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!