МЧК: чек арадан өтүүнү мурдараак пландаңыздар!

12-Окт. 2017, Бейшемби, 12:02

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде элди өткөрүү кайрадан жайлап калды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан (МЧК) билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-октябрда кечки саат 23:00дон тарта казак тарап чек арадагы өткөрүү бекеттеринде адамдарды өткөрүү процедурасын тездетип, 1,5 сааттын ичинде бардык адамдар өткөн. Бирок, бүгүн 12-октябрда таңкы саат 08:00дон тарта казак тарап элди өткөрүүнү жайлаткандыктан “Ак-Жол” өткөрмө пунктунда адамдар чогулуп калган.

“Учурда унаалар менен жүктөрдүн саны азайганы менен казак тараптан өткөрүү кармалып жаткандыктан улам жүктөрдүн агымы көбөйө тургандыгы күтүлүп жатат. Мындан улам чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Жаралган жагдайдан улам Мамлекеттик чек ара кызматы жарандардан чек арадан өтүүнү мурдараак пландоону суранат.

Белгилей кетсек, 10-октябрда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пунктарында казак тараптын көзөмөлдү күчөтүүсүнөн кийин чек арада кезек күткөн жарандардын саны өсүп, алар бир нече сааттап туруп жатышкандыктары маалым болгон.

Бул маселе боюнча абал 11-октябрда да өзгөргөн эмес. Бирок, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети өлкөнүн бардык чек араларында атайын операция жүргүзгөндүгүнө байланыштуу жогорудагыдай кырдаал түзүлгөнүн кечинде гана маалымдады.

Ошондой эле кечээ күнү премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Сочидеги жыйынынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу айткан. Сүйлөшүүдөн кийин Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада түзүлгөн бардык маселени чечүүнү тапшырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!