Жашыруун аскердик документтер уурдалган

11-Окт. 2017, Шаршемби, 12:31

Түндүк кореялык хакерлер Түштүк Корея жана АКШ даярдаганы болжолдонгон согуштук пландар жазылган жашыруун документтерди уурдаганы айтылууда.

“Yonhap” агенттигине түштүк кореялык депутат Рее Чеол-хеенин билдирүүсүнө таянып жазылган кабарда Түндүк Кореянын хакерлери Түштүк Кореянын 235 гигабайттык жашыруун аскердик документтерин бир жыл мурда уурдаганы маалымдалган. Бирок Пхеньян бийлиги бул кол салууга байланышкан кептерди жокко чыгарды.

Буга чейин аталган өлкөнүн атайын даярдыктагы хакерлери бир топ мамлекеттерде ишмердик кылары айтылып келген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!