Россиянын Судандагы элчиси көз жумду

24-Авг. 2017, Бейшемби

Россиянын Судандагы элчиси Миргаяс Ширинскийдин жансыз денеси Хартум шаарындагы резиденциясынан табылган. Судан полициясы элчинин өлүмүн гипертония дарты менен байланыштырганын “Би-би-си” кызматы кабарлаган.

“23-августа Хартум шарында Россиянын Судандагы элчиси Миргаяс Ширинский көз жумганын терең кайгыруу менен кабарлайбыз. Элчиликтин кызматкерлеринен кесиптешибиздин өлүмүнүн себептери тууралуу толук маалымат алынганы жатат”,-деп жазылган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Ал эми Судандын Тышкы иштер министрлиги Ширинскийдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты. Ошондой эле дипломатиялык эмгектерине баа беришти.

Миргаяс Ширинский 62 жашта болгон. Ал Судандагы кызматына 2013-жылдын декабрь айында дайындалган.

Ага чейин Россиянын Руанда Республикасындагы элчиси болгон. ЮНЕСКОдогу Россиянын туруктуу өкүлү, Жидда шаарында консул, Йемендеги Россиянын элчисинин кеңешчиси кызматтарын аркалаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!