Жасалма интеллект согушка жол ачышы мүмкүн!

9-Сен. 2017, Ишемби, 14:00

Илон Маск жасалма интеллекттин өнүгүүсү Үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келүүсү мүмкүн деп эсептейт.

Америкалык электротехниканы өндүрүү боюнча “SpaceX” космостук техниканы жана “Tesla” электромобилдерди чыгаруучу компаниялардын жетекчиси Илон Маск жасалма интеллекттин айланасындагы окуялар терс көрүнүштөргө алып келүүсү мүмкүн экенин айтты.

«Кытай, Россия жана башка дагы баардык өлкөлөр жакынкы убактарда компьютердик илимде күчтүү болуп чыгышат. Жасалма интеллектте биринчи жолу улуттар аралык атаандаштык жаралып Үчүнчү дүйнөлүк согуштун келип чыгышына себепчи болушу мүмкүн”, - дейт Маск.

Ал россиянын президентти Владимир Путиндин жасалма интеллектти өнүктүрүү тууралуу маалыматынан кийин бул жыйынтыкка келдим деп түшүндүргөн.

Эске сала кетсек, 1-сентябрда Россиянын президенти «Проектор» билим берүү форумунда айтылгандай “Ар бир өлкө жасалма интеллект курууда биринчиликке жетсе, анда ал дүйнөнү башкарат” ,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!