Финляндияда бардык сабактар жоюлду

16-Сен. 2017, Ишемби, 16:03

Окутуу эң мыкты делген мамлекет билим берүүдө 19-кылымга таандык бардык системасын жок кылды.

Финляндия дүйнөдө эң жакшы билим берүү системасына ээ өлкөлөрдүн катарында. Эл аралык иликтөөлөрдө дайыма алгачкы ондуктан орун алат. Буга карабастан ал жактын жетекчилери жана адистери “ансыз да жакшы” деп отурчудай түрү жок.

Бир нече жыл мурда Финляндияда билим берүү системасын өзгөртүү чечими чыкса, өткөн жылдан баштап алар жүзгө ашырылды.
Анда эмнелер камтылган? Кулакка башкача угулушу мүмкүн, бирок финляндиялык жетекчилер окуу пландарындагы бардык сабактарды жоюп таштады.
Жаңы системага ылайык балдар үчүн “оюн көп, сабак аз”. Ошондой эле физика, математика, адабият, тарых же география сабактары өз өзүнчө өтүлбөйт.
Билим берүү министри Марьо Киллонен Хельсинкиде өткөн жылы өткөргөн маалымат жыйынында өзгөчөлүктөрүн коомчулукка бөлүшкөн. “Биз дале 19-кылымдын муктаждыктарына багытталган билим берүү системасы менен иштеп жатабыз. Анда бери биртоп нерсе өзгөрдү. Биз да эми 21-кылымдын талаптарына карата билим берүү системасын пландадык”,-деди ал.

Жаңы системага мисал келтире турган болсок Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу сабакта темага байланыштуу тарых, география жана математика боюнча маалыматтар бирге түшүндүрүлөт.

7 жашка чейин мектепке алынбайт


Окуучулар ар бир 45 мүнөт сайын 15 мүнөттөн эс алышат. Мектепте 5 саат болушат. Америкалык окуучулар күнүнү 6 саатын үй тапшырманы аткарууга жумшаса, Финляндияда буга 3 саат убакыт бөлүнөт.
Акыркы класстагылар 16 жашта болот. Ал эми 7 жашка чыга электер окууга алынбайт.

Түрдүү предметтердин мугалимдери чогуу иштегенге мажбур


Жаңы система менен биргеликте салттуу окуучу-мугалим мамилеси да өзгөрдү. Окуучулар партага жашынып, “мугалим сурабаса экен” деп тынчсызданып отурбайт. Анын ордуна майда топторго бөлүп, мугалимдер менен биргеликте сабакты талкуу түрүндө өтүшөт.
Финляндиядагы билим берүү системасындагы өзөгрүүлөр мугалимдерге да таасирин тийгизди. Мектептердеги бул реформа ар түрдүү предметтердин мугалимдерин биргелешип иштөөгө мажбурлайт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!