Германияда жек көрүүлөрдү камтыган сүйлөмдөрдү бөлүшкөн социалдык медиа тармактарына 50 миллион еврого чейин айып пул салына турган жаңы мыйзам талкууга түштү. Бул Германияда 1-январдан баштап күчүнө кирди.
“Twitter” тармагынын “Alternative für Deutschland (AfD)” партиясынын мүчөсү бөлүшкөн сөздөрдү өчүрүп таштаганы теманы ого бетер актуалдуу кылды. Ошондой эле бардык басылмалардын башкы кабарына айланды.