Кыйынчылыкты кол өнөрчүлүк менен жеңген Ширин

26-01-2017

Ортончу баласынын жашы бешке чыгып калса да өз алдынча баспай, мойну токтобой, а түгүл олтура албаганына карабай, бул сыноону жеңем деген үмүт менен жашап келаткан каарманыбыз Ширин Сыргакова учурда 37 жашта. Ал улуттук оймо-чиймелер менен шөкөттөлгөн баш кийим, бут кийим, сумкаларды токуйт. Уулунун басып кетүүсү үчүн жасаган буюмдарын сатуу менен, анын дары-дармегине, кем-карчына жумшайт. Жакында Түркияга дарылатууга алып баруу үчүн кол эмгегине таандык буюмдардан түшкөн каражатты топтоп жатыптыр.



Кыйынчылыкты кол өнөрчүлүгү менен жеңип келе жаткан каарманыбыз Ширин Сыргакова Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну. Учурда үй-бүлөсү менен уулунун ден соолугуна байланыштуу борбор калаада батирде жашайт.





“Ортончу уулум төрөлгөндөн бир жылдан кийин ДЦП деген диагноз коюшту. Төрөлгөндө эле көгөрүп төрөлгөн. Бир жашынан бери ар кайсы ооруканаларда дарылатып келебиз. Адегенде дарыгерлер көп жашабайт дешкен. Кудайга шүгүр беш жашка чыгып калды. Интернет аркылуу Түркиядан дарыгерлерди таап, аларга баламдын сүрөттөрүн, видеосун, документтерин жибергенимде, дарыгерлер балага алгач туура эмес укол, дарылар берилген дешти. Баланы биротоло бастырып жибербесек да, мойнун токтотуп, олтурушуна жардам беребиз деп үмүт отумду жандырып, энелик тилегимдин аткарылышына жардам бергендей болушту”,-деди Ширин.





Учурда уулун Түркияга алып баруу үчүн ата-эне каражат топтоп жатыптыр. Ал жакка алып баруу үчүн 150 миң сом керек экен. Өп-чап турмушта, батирде күн кечирип жаткан үй-бүлө ээсинин тапканы күнүмдүк тиричиликтен ашпаса, келинчегинин жасаган буюмдарын сатуудан түшкөн каражаты уулунун дары-дармегинен ашпайт.





“Азыр баламдын абалы оор бойдон калууда. Мойнун токтото албайт, олтурбайт, өз алдынча тамак ичпейт. Төрт жаш сегиз ай болду. Өзү курактуу балдардан алда канча артта калган. Салмагы 9 килограмм. Бир айлык дарылануусу үчүн орточо эсеп менен 20 миң сомдун тегерегинде акча кетет. Алты ай сайын Жалдагы ооруканага жатабыз. Ага 12 миң сомдун тегерегинде акча кетет. Мындан сырткары, үйдөн дары-дармек ичет, массажга алып барам, витаминдерди алып берем. Түркияга февраль айында келсеңер жакшы болот деген, ага жетишпесек мартта барабыз деп үмүт кылып турам. Дарыгерлер баламды жок дегенде мойнун токтотуп, олтурганга жардам беришсе, биз үчүн, Умардын бир туугандары үчүн көптөн бери тилеги аткарылат эле”,-дейт Умардын апасы.





“Жип кармаганда кайгы-капамды унутам”
Оорулуу баласын карап, төрт жылдан бери үйдө олтурган Ширин уулунун келечегин ойлоп, сар-санаага түшөөрүн, кээде ыйлаарын, бирок булардын баарын кийим токуу аркылуу жеңип келе жатканын айтат.





“Балам оорулуу болуп калгандан кийин такай үйдө олтурууга туура келди. Кесибим боюнча бухгалтермин. Мындай абалда иштөө кайдан. Кээде уулумдун ден-соолугун, келечегин ойлоп, жанымды коерго жер таппай, бук болуп ыйлачумун. Кичинекей кезимде бир нерселерди токуганга кызыкканым болбосо, таптакыр токуган эмес элем. Айтор, үч жылдан бери баламды үйдө болобу, ооруканада болобу дарылатканча ал жердеги бейтаптарга баш кийим, бут кийим токуп сатып, акчасын баламдын дары-дармек, массаж, кем-карчына жумшайм. Кийим токуу аракетим адегенде өзүмдү алаксытуу үчүн болсо, эми уулумдун кем-каржысын камсыз кылуу үчүн каражат табууга алмашты. Токуганда кадимкидей нервим эс алып, бардык нерсени унуткандай болом. Жеңилдеп калам. Жипти алты бөлүкчөгө бөлүп, өзүнчө токуп кайра бириктирем”,-дейт.



Каарманыбыз акырындык менен кол эмгегинен жасалган буюмдарды социалдык баракчаларга жайгаштырып, баласы менен кошо ооруканаларга алып барып сата баштаган.





“Байпактарга суроо-талап көп. Сатылган буюмдарды сатуудан түшкөн акчалардын баарын Түркияга алып баруу үчүн топтоп жатам. Бир үй-бүлө 150 миң сом каражатты топтошу кыйын экен. Кардарларым көбүнчө интерет аркылуу буюртма беришет. Анын үстүнө акыркы убактарда Кыргызстанда кол өнөрчүлүккө, табигый буюмдарга маани бериле баштабадыбы”,-деп сөзүн бүтүрдү.



P.S: Урматтуу окурман, эгерде Ширин Сыргакованын колунан жасалган буюмдарды сатып алуу аркылуу ага жардам берүүнү кааласаңыз, төмөнкү телефонго кайрылсаңыз болот:
0555 02 82 62



Назгүл Бостонбаева

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!