Ала-Тоо аянтына LED экраны орнотулат

3-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы борбордук Ала-Тоо аянтына апрель революциясынын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата LED экранын орнотот. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулардын порталы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-апрелде 7-апрелге карата аянтка LED экраны орнотулат. Аны орнотууга маданият башкармалыгы тарабынан 290 миң сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, 7-апрели – элдик революция күнү. 2010-жылдын 7-апрели кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыккан тарыхый окуя болуп эсептелет. Бул датага карата өлкөдө дем алыш күнү деп жарыяланып, эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!