Индиянын жаранын өлтүргөн кыргызстандык кармалды

3-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Россиянын аймагында Индиянын жаранын өлтүрүүгө шектелген жаранды кармашты.

Кылмыш 2014-жылы 14-апрелинде Красноярск шаарындагы Вавилов көчөсүндө болгон. Ушул эле күнү киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөөнүн жыйынтыгында адам өлтүрүүгө Кыргызстандын 34 жаштагы жаранынын тиешеси бар экендиги аныкталган. Индиялык жарандын акчасына ээлик кылуу максатында кылмыш жасалгандыгы анык болгон. Кылмыш иши Кыргызстандын укук коргоо кызматына өткөрүлүп берилген.

Үстүбүздөгү жылдын 7-мартында кылмыш ишин Башкы прокуратура Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берген.

28-мартта кылмышка шектүү катары 34 жаштагы Чүй облусунун тургуну колго түшүрүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!