Ат-Башыда жол кырсыгынан 2 адам жаракат алды

3-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Ат-Башы районунда жол кырсыгынан 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылына баруучу унаа жолдо «Ауди 100» мамлекеттик № Н 07-10 В жана «Хонда Одиссей» мамлекеттик № А 79-63 АВ үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Натыйжада «Ауди» унаасындагы 2 жүргүнчү жаракат алган.

«Куткаруучулар кырсыктан жаракат алган адамдарды унаадан чыгарышып, тез-жардам кызматына өткөрүп беришкен»,- деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!