Атамбаев: башаламандыкты каалагандардын орду түрмөдө

3-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 3-апрелде 2013-2017-жылдарда Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, өлкөдө туруксуздукту каалап, кандайдыр бир башаламандыкты уюштурууну каалагандарды орду түрмөдө экенин эскертти.

“Ал жерде мен дагы олтуруп чыккам. Эң башкысы - тынчтык, стабилдүүлүк. Кыргызстан ишенимдүү түрдө эгемен өлкө катары таанылды. Биз эч кимге кырдаалды ойку-кайкы калчоого жол бербейбиз”,-деди өлкө башчысы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!