Музейге саякат: бычак монета, акчадан жасалган сувенир

30-Март 2017, Бейшемби

Баарыбыз эле акчаны жакшы көргөнүбүз менен ага кандай мамиле кылуу экендиги тууралуу жазылбаган эрежелерди биле бербейбиз. Өлкөбүздүн улуттук жүзүн көрсөткөн эн белгилердин бири – валютабыз.

Акчалар кандай жасалат, коллекциялык монеталардын, алтын куймалардын мааниси, алгачкы жолу колдонулган акчалар, башка өлкөлөрдүн акчалары, акча калдыгынан жасалган сувенир тууралуу билчү белеңиз?

Акчаны басып чыгаруудан баштап керексиз абалга жеткенден кийин кантип колдонулары, Улуттук банк тарабынан жүгүртүүгө чыгарылып, учурда айрымдары колдонуудан чыккан акча бирдиктери тууралуу өлкөнүн башкы финансылык мекемесинин нумизматикалык музейине бирге сапар алалы.

Улуттук банктын нумизматикалык музейинде калаадагы №77 орто мектептин окуучулары үчүн экскурсия уюштурулуп, өспүрүмдөр үчүн “Акча сабагы” өтүлдү.

Саякат бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында уюштурулуп, окуучуларга акчаны басып чыгаруудан баштап керексиз абалга жеткенден кийин кайда колдонулары тууралуу маалымат менен улуттук банктын нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын эксперт бөлүмүнүн башкы адиси Анара Сабыр кызы бөлүштү.

Музейде биздин заманга чейин төртүнчү кылымда Кыргызстандын аймагында табылган байыркы нумизматикалык табылгадан баштап улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталар, алтын куймалар, азыркы жүгүртүүдөгү акча бирдиктери, жасалма акчалардын үлгүлөрү, чет өлкөлөргө таандык монеталар, акча калдыгынан жасалган сувернирлер сыяктуу баалуу экспонаттар орун алган.

Анара Сабыр кызы окуучуларга акчанын тарыхы, коргоо элементтери, жасалма акча менен чыныгы акчанын айырмалап билүу көрөгөчтүгү, улуттук валютанын тарыхы сыяктуу зарыл маалыматтарды баяндап берди.

Музей саякатына келген окуучулардын бири 77-орто мектептин 9-калссынын окуучусу Мирлан уулу Актан мурда сүрөтүн көрүп жүргөн улуттук банктын музейине экскурсия жасоо шыбагасы тийгенине жетине албай турганын жашырбады

“Мен биринчи жолу өлкөбүздүн Улуттук банкы менен жакындан тааныштым. Музейди көрүп, андагы акчалар менен таанышканыма кубанычта болуп турам. Экспонанттарды көрүп абдан таң калдым. Биздин заманга чейинки эң биринчи жаралган тыйындар, эң биринчи акча банкноттору бул жакта бар экен. Мен буларды тарых сабагынан эле окуганым болбосо көзүм менен көргөн эмес элем. Акча кандайча жасалары, жасалма менен чыныгы акчанын кантип айырмалоо керек экенин билдим”,-деди.

Окуучуларды коштоп келген мугалим Гүлбарчын Өмүракунова экскурсияда окуучулар буга чейин биле элек жаңы маалыматтарды алганын, алар турмушта пайдасы тие турганына ишенерин белгиледи.

“Экскурсияда окуучуларыбыз абдан пайдалуу маалыматтарды алышты. Биз күн сайын колдонуп, бирок акчанын кантип жасалышы тууралуу биле бербеген маалымататрга ээ болдук. Окуучуларыбыз бүгүнкү саякаттан кийин эң кур дегенде акчаны бүктөп, бырыштырып салбай, ага аяр мамиле кылса, биздин үмүтүбүздүн ишке ашканы ошол”,-деди.

Кыргыстанда бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өнөктүгү быйыл үчүнчү ирет өтүүдө. Анын максаты – жарандарды акчага аяр мамилеге жасоого чакыруу, киреше табуунун, акчаны сактоонун жол-жоболорун үйрөтүү болуп саналат. Өнөктүк алкагында өлкө аймагында түрдүү маанидеги иш-чаралар уюштурулуп, окуучулар, жаштар үчүн окутуулар, ачык эшиктер күнү, викторина, оюн-зооктор менен коштолууда.

Бул банкноттордун айрымдары азыр колдонулбайт

Майдаланып жок кылынгандан кийинки банкнот-монеталар

Музейде чет өлкөлөрдүн акчаларын да көрүүгө болот

Банкноттордун төртүнчү чыгарылышы

Акча калдыгынан жасалган дипломат

Улуттук банк 2015-жылдан баштап алтын куймаларды чыгара баштаган

Тартылган сомго сүрөтү, табылгыс инсан бул өзү


Улуттук банк тарабынан алтымышка жакын коллекциялык монеталар чыгарылган

Ар бир үйдө болуучу "калькулятор" азыр чанда кездешүүчү тарыхый буюмга айланган

Окуучулар музей саякатынан пайдалуу маалымат алганын айтышты

Кыргызстандын улуттук валютасында 30дан ашуун коргоо элементтери бар

XIX-XX к. Кытай ири бүтүмдөрдү жүргүзүүдө колдонгон

Жасалма акчалар

Бул витринадан "тарыхый акчалар" орун алган


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!