“Кышкы Азия оюндары-2017” салтанаттуу түрдө ачылды (фото)

21-02-2017

19-февралда Япониянын Саппоро шаарынын “Саппоро Доум” стадионунда VIII Кышкы Азия оюндарынын салтанаттуу түрдө ачылышы болду. Ага Кыргызстандан Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин орун басары Канатбек Арпачиев баштаган кыргызстандык спортчулар катышты.


Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасынын коргоочусу Элзар Болотбеков Азия оюндарынын ачылыш салтанатында мамлекеттик тууну көтөрүп чыкты. Мында кыргыз спортчулар параддан өтүштү.



Кышкы Азия оюндары 19-26-февралда Япониянын Саппоро жана Обихиро шаарында өтүп жатат. Ага 45 мамлекеттен келген спортчулар катышууда.


Кыргызстандан жалпы 33 спортчу катышат. Алар кышкы спорттук оюндардын түрлөрүнөн хоккей, биатлон, муз үстүндө бийлөө, лыжа жарышы боюнча мелдешке чыгышат.


Кыргызстандын улуттук хоккей боюнча улуттук курамада 23 оюнчу бар. Бүгүн 20-январда мелдештин алгачкы күнүндө Кувейт мамлекети менен беттешип, кыргызстандык хоккейчилер 5:00 эсебинде утуп алды.


Кыргыз хоккей командасы Кышкы Азия оюндарынын алкагында “В” тайпасында эми Бахрейн, Филиппин аралдары жана Катар мамлекети менен күч сынашат.


Кышкы Азия оюндары-2017 спорттун 11 түрү боюнча орун алууда. Алар, биатлон, лыжа жарыш, керлинг, сноуборд, муз үстүндө бийлөө, хоккей, шорт-трек, фристайл жана башка боюнча болот.

Кубаныч Жусупбеков


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!